KELECHEK

Кытай АКШны деңиз чек арасын бузууга айыптады

Кытай АКШны деңиз чек арасын бузууга айыптады

АКШ аскер-деңиз күчтөрүнүн кемеси (архив сүрөт)

Кытай АКШнын аскердик кемелерин Түштүк-Кытай деңизиндеги аймактарына кирип барууга айыптады.

Буга чейин Reuters агенттиги америкалык расмий адамдарга таянып, АКШнын Higgins жана Antietam аскер кемелери Кытай өз аймагы деп эсептеген талаштуу Парасель аралдарынан болжол менен 19 чакырым алыстыктан өткөнүн кабарлаган.

Кытай ТИМи америкалык кемелер деңиз сууларындагы 12 милялык аймакты бузганын билдирди. Пекин аталган аймакка өзүнүн кемелери менен учактарын жөнөтүүгө аргасыз болгонун жана мындан ары дагы «өлкөнүн көз карандысыздыгы менен коопсуздугун коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүсүн» уланта турганын белгиледи.

АКШ өз кемелеринин бул аракетин Түштүк-Кытай деңизинде кеме жүргүзүүгө Пекин тараптан киргизилген чектөөлөргө каршы туруу зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Пекиндин бул аймактагы саясаты менен макул эмес экенин буга чейин АКШнын жогорку кызматтагы бир катар өкүлдөрү, анын ичинде президент Дональд Трамп дагы айткан.

Парасель аралдары - Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймактардын бири. Аларга ээлик кылуу укугун Кытай менен катар Вьетнам, Бруней, Малайзия, Филиппин жана Тайвань өлкөлөрү талашып келишет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Македония президенти мамлекеттин атын өзгөртүү келишимине кол...

Македония президенти мамлекеттин атын өзгөртүү келишимине кол...

Македония президенти Гёрге Иванов.

Македония президенти Гёрге Иванов...

ДҮЙНӨ 2018-06-14  15:06

Трамп: Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу иши «өтө тез»...

Трамп: Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу иши «өтө тез»...

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын...

ДҮЙНӨ 2018-06-13  15:53

Трамп: Ким Чен Ын менен боло турган саммит үчүн баары даяр

Трамп: Ким Чен Ын менен боло турган саммит үчүн баары даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн камдыктар дээрлик...

ДҮЙНӨ 2018-06-08  17:00

Путин АКШга карата контрсанкциялар тууралуу мыйзамга кол койду

Путин АКШга карата контрсанкциялар тууралуу мыйзамга кол койду

Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ жана анын...

ДҮЙНӨ 2018-06-05  09:21

Лондон арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтти

Лондон арам акчаны иликтөөнүн масштабын кеңейтти

Британиянын кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча...

ДҮЙНӨ 2018-06-04  18:19

Путин Өзбекстанга күзүндө барат

Путин Өзбекстанга күзүндө барат

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен...

ДҮЙНӨ 2018-05-30  08:22

Өзбекстанда Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталууда

Өзбекстанда Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталууда

Наманган облустук кеңешинин депутаты Олимжон Тухтаназаров

Наманган облустук...

ДҮЙНӨ 2018-05-29  02:15