KELECHEK

ӨКМ адам өмүрүн сактап калган жаранды сыйлады

ӨКМ адам өмүрүн сактап калган жаранды сыйлады

Үстүбүздөгү жылдын 22-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда селден адам өмүрүн сактап калган Ак-Жийде айылынын жашоочулары Маражапов Сагынбек жана анын уулу Сагынбек уулу Зулпукарды сыйлады. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Н. Мирзахмедов Ноокен районундагы Ноокен айыл аймагынын Ак-Жийде айылынын жашоочулары Маражапов Сагынбек жана анын уулу Сагынбек уулу Зулпукарды (ата-бала болушкан) өз өмүрлөрүн тобокелге салып, адам өмүрүн сактап калгандыктары жана көрсөткөн эрдиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” медалы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринен “Алкыш” менен сыйлаган.

ӨКМнин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, 2018-жылдын 19-май күнү түнкү саат 20:00-21:00 чамаларында Ноокен районундагы Ноокен айыл аймагынын Ак-Жийде айылын аралап өтүүчү Кара-Булак сайында нөшөрлөп жааган жаандын натыйжасында кокту-колоттордон суу сайга түшкөн. Ошол учурда сайдан Матиз үлгүсүндөгү жеңил автоунаа тыгылып, өтө албай калган. Автоунаанын ичинде Кочкор-Ата шаарынын Нагорная №13 көчөсүнүн тургуну Махсудов Энвер жана анын уулу Махсудов Рустем болгон.

Рустем Махсудов кол телефону менен досторун жардамга чакырып, жардамды күтүп жаткан учурда сайда суу көбөйүп, сел келип, автоунааны ичиндеги Рустем Махсудов менен кошо болжол менен 500-600 метрге төмөн көздөй агызып кеткен. Ал эми Энвер Махсудов суунун жээгинде болгон.

Ошол жерге жакын жашаган Сагынбек Маражапов жана анын уулу Сагынбек уулу Зулпукар жардамга чакырган адамдардын үнүн угуп, сайдын ичинде агып бара жаткан автоунаада киши бар экендигин байкашып, аркан ыргытышып, сел болуп, агып жаткан сууга түшүп келип, Рустем Махсудовдун белине арканды байлап, аны 10-15 метр жээкке куткарып чыгышып, үйлөрүнө алып киришип, суу болгон кийимдерин кургатышып, ага жылуу мамиле жасашкан. Ошол учурда суунун жээгинде отурган Энвер Махсудов дайынсыз болуп калган. Караңгы кирип кеткендигине байланыштуу куткаруучулар анын каза болгон сөөгүн эртеси күнү төмөн жактан таап чыгышты.

“Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Алкыш” Маражапов Сагынбек Эрмаматовичке жарыялап, ал эми Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” медалын Сагынбек уулу Зулпукарга тапшырды”, - деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы.   

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда өлкөнүн Улуттук коопсуздук...

КООМ 2019-01-22  21:12

Ак калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү

Ак калпакка өзгөчө макам ыйгаруу боюнча демилге көтөрүлдү

Кыргызстанда ак калпакка "өлкөнүн маданий...

КООМ 2019-01-21  11:02

Министр труда и социального развития Улукбек Кочкоров провел встречу...

Министр труда и социального развития Улукбек Кочкоров провел встречу...

Накануне, 20 января в рамках рабочего визита в Ошскую область министр труда и социального развития...

КООМ 2019-01-21  12:01

Цирктин кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты

Цирктин кызматкерлери нааразылык акциясына чыгышты

Мамлекеттик цирктин кызматкерлери парламент имаратынын алдына нааразылык акциясына...

КООМ 2019-01-21  15:43

Ашхабад бийлиги тургундарга «бекер суу» үчүн айыппулдарды салууда

Ашхабад бийлиги тургундарга «бекер суу» үчүн айыппулдарды салууда

Түркмөнстандагы суу эсептегич

Ашхабаддын тургундары мурдагы жылдары пайдаланган суу...

КООМ 2019-01-21  15:52

Мирзиёев быйыл чет өлкөлөргө 36 сапар жасайт

Мирзиёев быйыл чет өлкөлөргө 36 сапар жасайт

Быйыл Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чет...

КООМ 2019-01-21  15:55

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга...

Президент Сооронбай Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 17-январда бир катар кыргызстандыктарга...

КООМ 2019-01-18  02:54