KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨТМӨКТҮН КУРУЛУШУНА КИМ КАРШЫ? (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨТМӨКТҮН КУРУЛУШУНА КИМ КАРШЫ? (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында кечээ башталган жер астынан өтүүчү өтмөктүн курулуш иштери бүгүн токтотулду. Буга шаардагы жеке ишкер Максат Орозалиевдин сотко кайрылуусу, Жалал-Абад райондор аралык сотунун курулушту убактылуу токтотуу чечими себеп болду.

Курулуштун токтоп калышы шаар тургундарынын нааразылыгын пайда кылып, алар жер асты өтмөгүнүн курулушу улантылуусун шаар мэриясынан талап кылышууда. Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэриясы аталган сот чечимин жокко чыгарууну сурап, областтык сотко кайрылды, курулуштун тагдыры эми областтык сотто каралмакчы. 

Жалал-Абад шаарындагы унаа тыгындары көп болчу Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинен жер асты өтмөгүнүн курулушу кечээ башталган эле. Бирок, жеке ишкер Максат Орозалиев курулуш жүрүп жаткан жер ага таандык экенин бетке кармап, сотко кайрылган. Жалал-Абад райондор аралык соту курулуш иштерин убактылуу токтотуу чечимин чыгарды. Эми курулуш иштери токтоп калгандан кийин буга шаар тургундары нааразы болуп, калктын коопсуздугу үчүн башталган иш акырына чыгышын шаар мэриясынан талап кылышууда.

Жер астынан өтмөк курууну 2016-жылдан бери шаар мэриясынан эл талап кылып келген. Мэрия калктын мүдөөлөрү боюнча быйыл курулушту пландап, шаардык кеңештин депутаттары жана коомчулук аны колдоого алган. Эми курулуш иштери тоскоолдукка учурап, жергиликтүү бийлик шаар кызыкчылыгын областтык сотто коргомокчу.

Ал эми жеке ишкер Максат Орозалиевдин айтымында, аталган өтмөктүн долбоору туура эмес түзүлгөн. Анткени курулуш иштери соода түйүндөрүнө өтө жакын жүрүп жатат. Эгер жергиликтүү бийлик курулуш ишин токтотпосо, өтмөк пайдаланууга берилгенден кийин деле сотко кайрылара бере турганын билдирди.

Ал эми коомчулук өтмөктүн курулуш иштери өлкө башчысы тарабынан колдоого алынганын, башка шаарлар сыяктуу эле Жалал-Абадда да тургундар үчүн жакшы шарттар керек экенин айтышат. Эгер жеке ишкердин кызыкчылыгы элдин, шаардын кызыкчылыгынан өйдө турса, өлкө башчысына да кайрылышаарын билдиришти. Ошондой эле, Жалал-Абад райондор аралык соту адилетсиз чечим чыгарган дешип, анын үстүнөн президентке арыздана тургандыктарын айтышты.

Эскерте кетсек, жер астынан өтмөк Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу курула баштаган. Өтмөктү куруу боюнча 2016-жылы элдин кайрылуусунан улам, тийиштүү кызматтар долбоор жазып, шаардык кеңешке сунушташкан. Долбоор жазылган соң эки ирет коомдук угууга коюлуп, колдоо тапкандан кийин шаардык кеңеш каржы бөлүп берген. Өтмөктүн курулушу август айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмек эле. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13