KELECHEK
rek

"Фейсбуктун" башчысы Марк Цукерберг Европарламентте сөз сүйлөдү

Мак Цукерберг

22-майда "Фейсбуктун" башчысы Цукерберг Европарламентте сөз сүйлөдү.

Депутаттар менен жолугушуу Cambridge Analytica фирмасы аркылуу социалдык түйүндүн миллиондогон колдонуучуларынын жеке маалыматтары чыгып кетишине арналды. Шайлоочулардын тандоосун иликтеген бул компания ал маалыматтарды 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоо учурунда колдонгон.

Цукербергге "Фейсбуктун" социалдык тармактар базарындагы монополиясы, өздүк маалыматтарды америкалык жана европалык мыйзам базасы боюнча коргоо маселелери, ой-пикирин эркин айтуу укугу жана соцтармактын бир колдонуучусунун экинчи кишинин үстүнөн аша чаап кетиши сыяктуу темаларда суроолор берилди.

Марк Цукерберг буга чейин АКШнын Сенаты менен Эл өкүлдөр палатасында чыгып сөз сүйлөп, компаниясы жеке маалыматтарды уурдатып жибергенин моюнга алган. Европарламентте да ошондой мааниде кеп кылып, анын командасы жагдайды жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.

Европарламенттеги жолугушуу маалында "Фейсбук" компаниясынын акциялары бираз төмөндөп кеткени байкалды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52