KELECHEK
rek

Курил аралында иш таштаган кыргызстандыктардын маселеси каралууда

Курил аралында иш таштаган кыргызстандыктардын маселеси каралууда

19-май күнү Орусиянын Түндүк Курил шаарында курулушта иштеген кыргызстандыктар иш таштаган. Буга алардын айлык акысын бир нече ай бою албаганы себеп болгон. Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча Түндүк Курил шаарынын жетекчилиги менен байланышып, иш алып барууда.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык курулушчулардын айлык акы маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Бул ишти жөнгө салууга мэрия, жергиликтүү депутаттар, полиция, прокуратуранын жана иш берүүчү "СПИРО" компаниясынын өкүлдөрү катышкан атайын жыйын болгон. Бирок ишкана айлык акы буюртма берген тараптан төлөнбөй жатканын билдирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Түндүк Курил шаарынын вице-мэри Александр Овсянниковдон бул маселенин эртерээк, калыс чечилишине көмөктөшүүнү суранган. Мындан тышкары, Сахалин облусундагы консулдук да кыргызстандык курулушчулар айлык акысын алышы үчүн чара көрүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматтар боюнча Орусиянын булуң-бурчтарында иштеген кыргызстандыктар 650 миңден ашат. Расмий эмес маалыматтарда бул көрсөткүчтөр алда канча көп экени айтылып жүрөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53