KELECHEK
rek

"Журналисттерди коргоо комитети" Аскаров боюнча президентке кайрылды

Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Zanoza.kg сайты жана журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана укук коргоочу Чолпон Жакуповадан материалдык доосунан баш тартканын кубаттап, өлкөнүн жаңы бийлигинен 2010-жылдагы окуяда айыпталып өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровду бошотууга чакырат.

Бул тууралуу "Журналисттерди коргоо комитети" 18-майда расмий сайтына жазды.

"Мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналисттерден жана укук коргоочудан материалдык доосунан баш тартып туура кылды. Аларды жоопкерчиликке тартуу туура эмес болгон", - деди CPJ программасынын Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Нина Огнянова.

Ошондой эле Кыргызстандын жаңы жетекчилеринен бул кырдаалды пайдаланып сөз эркиндигин жакшыртуу үчүн укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан бошотууга чакырышат.

Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Эл аралык коомчулук ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...