KELECHEK

Рогун ГЭСин куруп жаткандарга орозо тутпоого уруксат берилди

Рогун ГЭСин куруп жаткандарга орозо тутпоого уруксат берилди

Рогун ГЭСинин куруучулары

Тажик дин кызматчылары Рогун ГЭСин куруп жаткан жумушчуларга орозо кармабоону сунушташты. Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңешинин тиешелүү фатвасы дин кызматчылардан турган делегация Рогун ГЭСине барып келгенден кийин чыгарылды.

Уламалар кеңешинин төрага орун басары Усмонали Нуровдун айтымында, фатваны муфтий Саидмукаррам Абдулкодирзода шарият мыйзамдарынын негизинде чыгарган.

«Биз курулуш аянты менен тоннелдерге барып, андагы шарттарда орозо тутууга мүмкүн эмес экенине ынандык. Ысык, түтүн, жумуш оор… Көпчүлүгү 300 метр тереңдикте өтө оор шарттарда иштешет экен. Муфтий фатва чыгарып, аны жумушчуларга тааныштырды. Ага ылайык, куруучулар ыңгайлуураак учурда орозо кармашса болот», - деди Усмонали Нуров.

Рогун ГЭСинин курулушуна 20 миңге жакын киши тартылган. Алардын көбү нөөмөт менен 15 күндөн иштешет. Уламалар кеңеши жумушчулар бош болгон 15 күндө же андан кийин орозо тутса болот деп эсептөөдө.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар албай жүрүү - ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Азык-түлүк жетишсиздигинен улам түркмөн жарандары өлкөдөн чыгып...

Азык-түлүк жетишсиздигинен улам түркмөн жарандары өлкөдөн чыгып...

Азык-түлүк дүкөнүнүн алдында нанга кезек күткөндөр. Ашхабад, 16-октябрь 2018-жыл

Калкты ун жана нан...

КООМ 2018-10-18  08:48

Ташкентте турмушка чыгуудан баш тарткан аял сабалды

Ташкентте турмушка чыгуудан баш тарткан аял сабалды

Ташкентте №2 ооруканада иштеген медайым Камола Абдуллаева...

КООМ 2018-10-17  06:13

Казакстанда укук коргоочунун үйүн өрттөөгө аракет кылышты

Казакстанда укук коргоочунун үйүн өрттөөгө аракет кылышты

Белгисиз адамдар казакстандык укук коргоочу Елена Семёнованын Павлодар шаарындагы...

КООМ 2018-10-12  01:09

“Ас-салам” КФу аз камсыз болгон үй-бүлөргө, майыптарга азык-түлүк...

“Ас-салам” КФу аз камсыз болгон үй-бүлөргө, майыптарга азык-түлүк...

Кечээ, 4-октябрь күнү Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында Кувейттик “Ас-салам” коомдук...

КООМ 2018-10-05  17:40