KELECHEK

Күйүүчү майдын баасы мунай кымбаттаганы үчүн көтөрүлдү

Күйүүчү майдын баасы мунай кымбаттаганы үчүн көтөрүлдү

Мындай маалыматты Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы таратты. Бирикменин басма сөз кызматы кабарлагандай, күйүүчү майдын баасы Орусиянын мунай базаларында баа көтөрүлгөндөн улам кымбаттап жатат.

Маалыматка ылайык, май айында баа кескин көтөрүлүп кеткен. "Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Орусиянын мунай базарында баа акырындап көтөрүлүп отуруп, жалпысынан 6% кымбаттаган болсо, май айында эле 10% кымбаттап кетти" - деп айтылат маалыматта.

Орусиянын мунай базалары баанын өсүшүн дүйнөлүк базарда мунайдын кымбаттап жатканына байланыштырууда. Маалыматта айтылгандай, акыркы алты жумадан бери дүйнөлүк мунай базарында баа көтөрүлүп отуруп, акыркы 3,5 жылдан бери алгачкы жолу бир баррель мунайдын баасы 80 доллардан ашып түштү.

"Нефтетрейдерлер" ассоциациясы алдыңкы айларда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 5-10% кымбатташы күтүлүп жатканын эскертүүдө.

Ушул тапта Кыргызстандагы күйүүчү майдын бир литри үлгүсүнө жараша 38 сомдон 46 сомго чейин сатылууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстанда беш кабаттан төмөн турак-жай курууга тыюу салынды

Тажикстанда беш кабаттан төмөн турак-жай курууга тыюу салынды

Тажикстан бийлиги калктуу конуштарда, ошондой эле шаарлар менен райондордун административдик...

ЭКОНОМИКА 2018-08-01  17:55

Түркмөн президенти айыл чарбасындагы абалды сынга алды

Түркмөн президенти айыл чарбасындагы абалды сынга алды

30-июлда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов...

ЭКОНОМИКА 2018-08-01  18:00

Ош шаарынын мэри тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты (ФОТО)

Ош шаарынын мэри тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты (ФОТО)

Кечээ, 31-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Мурас” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү...

ЭКОНОМИКА 2018-08-01  21:26

Казакстан Орусиянын айрым аймактарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө...

Казакстан Орусиянын айрым аймактарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө...

Казакстан Айыл чарба министрлиги 26-июлда Орлов, Ростов жана Нижегород облустарынан куш...

ЭКОНОМИКА 2018-07-27  18:31

Чек арадан чөнтөк телефон алып өткөндөрдөн 100 сомдон алуу сунушталууда

ЭКОНОМИКА 2018-07-26  11:04

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ ОН ЭСЕ ӨСТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ ОН ЭСЕ ӨСТҮ

Жарым жылда Жалал-Абад шаарынын экономикасынын ар түрдүү тармактарына 1 миллиард 648,6 миллион сомдук...

ЭКОНОМИКА 2018-07-26  12:22