KELECHEK
rek

Трамп Юстиция министрлигине жаңы иликтөө өткөрүүнү тапшырды

Трамп Юстиция министрлигине жаңы иликтөө өткөрүүнү тапшырды

Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө башкы прокурордун орун басары Род Розенстай жана ФБРдин башчысы Кристофер Рэй менен жолугушту. Буга чейин президент өлкөнүн Юстиция министрлигинен ФБР шайлоо штабына өз тыңчысын киргизгенби деген сууроосуна жооп берүүнү талап кылган.

21-майда АКШ Юстиция министрлиги башкы инспекторго 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтөө учурунда ФБРдин саясий мотивдери болгон-болбогонун иликтөөнү тапшырды.

Башкы прокурордун орун басары Род Розенстайн шайлоо штабынын мүчөлөрүн ыксыз көзөмөлдөсө, ага карата тиешелүү чара көрүлүшү керектигин билдирди.

19-майда Трамп ФБР жана Юстиция министрлиги шайлоо алдындагы штабына атайын кишисин киргизгенин айткан. Айрым маалыматтар боюнча тыңчылык милдетти британиялык Кембридж университетинин профессору, 73 жаштагы Стефан Халпер аткарган.

Барак Обаманын башкаруусу учурунда Коопсуздук кеңешинин курамында иштеген Нэд Прайс “Америка Үнүнө” Трамптын айыптоолору америкалык демократияга коркунуч жаратарын айткан.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы маалымат катчысы Томми Витор Твиттерге: “Бул – кызыл сызыктан өтүү. Трамп Юстиция министрлигин саясатташтырылган иликтөө жүргүзүүгө мажбурлоодо”, деп жазды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52