KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨТМӨКТҮН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨТМӨКТҮН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы унаа тыгындары көп болчу Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине көп күттүргөн  жер асты өтмөгүнүн курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин шаар мэриясы борбордук Ленин көчөсүндө унаа тыгындарын жана жөө атуулдардын башаламан кыймылын азайтуу максатында асма көпүрө курган. Бирок маселе толук чечилбеген себептүү шаар тарыхында биринчи жолу жер астынан өтмөктү куруу чечилген. Курулуш аягына чыкса, жол кыймылынын коопсуздугу кыйла жакшырмак. 

Мындан эки жыл мурун шаар мэриясы калк арасында жол коопсуздугун арттыруу үчүн  сурамжылоо жүргүзгөн. Тургундардын көпчүлүгү жер астынан өтмөк куруу зарылдыгын билдиришкен.  

Шаардагы Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар жана жөө атуулдар кыймылы өтө көп. Бул кесилиш жолдо жол чырактары коюлганы менен,  жол кыймылынын эрежелери жакшы сакталбай келет. Бирок курулуш аягына чыкса, жол кыймылынын коопсуздугу, атуулдарга болгон ыңгайлуулук кескин өзгөрөт. 

- Азыркы учурда аталган көчөлөрдө жол тыгындары убактылуу пайда болуп жатат. Мындан улам жол кыймылынын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Бирок, 2-3 ай сабырдуулук менен чыдап койсок, жол кыймылы тартипке келип, кырсыктардын саны кыскармак. Анткени жер астынан өтүүчү өтмөк ар тараптуу ыңгайлуу болот, - дейт Жалал-Абад шаардык жол коопсуздугунун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси  Тыныбек Рахманов.

Өтмөктү куруу боюнча жарыяланган тендерди “Сафари” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Түзүлгөн келишим боюнча куруучулар өтмөктү август айында тапшырууга тийиш. Ошондуктан курулуш участкасында жумушчулар күнүнө 12 сааттан иштеп жатышат, деген менен эл көп каттаган Нагима Айтматова көчөсүн тезирээк ачыш керек.

Эскерте  кетсек, жер асты өтмөгүнүн курулушунун долбоордук наркы 19 миллион 500 миң сом болуп, ал жергиликтүү бюджеттен каралган. Ал эми тендер учурунда курулушту ишке ашыруучу тарап 13 миллион сомго долбоорду утуп алган. Өтмөктүн  тереңдиги 5 метр 20 сантиметрди түзүп, узуну 31, туурасы 6 метрге жетет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13