KELECHEK
rek

Батыровдун мүлкүнө байланыштуу “Элдик” ишканасынын жетекчисине иш козголду

Батыровдун мүлкүнө байланыштуу “Элдик” ишканасынын жетекчисине иш козголду

"Элдик" мамлекеттик ишканасы, Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кадыржан Батыровдун мүлкүнүн сатылышына байланыштуу облустук прокуратура “Элдик” ишканасынын жетекчиси Нурлан Сулаймановго кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Анарбай Орозов ​билдирди.

Орозовдун маалыматына ылайык, Сулайманов шаардын Москва жана Курулушчулар көчөсүндө жайгашкан Кадыржан Батыровго таандык мүлктү жеке тараптарга келишим менен сатып, акчасын бюджетке түшүргөн эмес. Натыйжада мамлекет жарым миллион сомдон ашык зыян тартканы аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 171 ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же жок кылуу") жана 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул маалыматты Жалал-Абад облустук прокуратурасы да ырастап, ишти УКМКнын облустук башкармалыгы териштирип жатканын билдирди.

Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун алдында “Элдик” ишканасы уюштурулуп, мүлктөрдү башкаруу ошол ишканага берилген. 

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...