KELECHEK
rek

Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятованын сөөгү жерге берилди

Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятованын сөөгү жерге берилди

Василя Иноятова.

19-майга караган түнү Ташкентте белгилүү укук коргоочу Василя Иноятова 62 жаш курагында көз жумду. Ал көп жылдардан бери “Эзгулик” укук коргоо уюмун жетектеп келген. Иноятованын сөөгү 20 майда жерге берилди.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, укук коргоочу ички кансыроого байланыштуу операция учурунда көз жумган.

Иноятова акыркы жылдары саясий туткундардын укугун коргоо менен алектенчү. Ал саясий жүйө менен камалган оппозициялык саясатчыларга, активисттерге жана журналисттерге юридикалык жардам көрсөтүп, ден соолугу начарлаганына карабай өзбек түрмөлөрүн кыдырчу. Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар да саясий туткундар тууралуу маалыматты Иноятова аркылуу алып турушкан.

Василя Иноятова жетектеген "Эзгулик" коому Өзбекстанда 2003-жылы катталган жалгыз укук коргоо уюму болуп эсептелет.

1990-жылдары саясий позициясына жана ишине байланыштуу Василя Иноятованы бир нече жолу кармашкан.

Орусиялык "Независимая газетага" чыккан ырынан улам 1993-жылы ал кездеги өзбек президенти Ислам Каримовдун ар-намысына шек келтирди деген жүйө менен соттошкон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...