KELECHEK
rek

Кыргыз мигранттын ролун аткарган казак актриса Канн фестивалында жеңүүчү болду

Кыргыз мигранттын ролун аткарган казак актриса Канн фестивалында жеңүүчү болду

Казакстандык актриса Самал Еслимова “Айка” фильминде башкы ролду жаратканы үчүн Канн фестивалында “аялдын мыкты ролу” үчүн сыйлыгына татыды. Франциядагы Канн фестивалынын 71-айлампасынын жеңүүчүлөрү 19-майда кечкисин жарыяланды.

Орусиялык режиссер Сергей Дворцевойдун “Айка” тасмасы Кыргызстандан Орусияга барып, кыйын турмушка кабылып, төрөгөн баласын таштап кеткен келиндин турмушун баяндайт. Социалдык драмада мигранттардын жашоосу кенен чагылдырылган.

Петропавлда туулуп өскөн Самал Еслимова Орусиядагы театр өнөрү институтунун (ГИТИС) режиссерлук факультетин аяктаган, азыр Москвада турат. "Айка" фильмине чейин ал Сергей Дворцевойдун "Кызгалдак" фильмине катышкан. Бул фильм бир нече эл аралык сынактарга катышкан, анын ичинде 2008-жылы Канн кинофестивалынын "Өзгөчө көз караш" номинациясын жеңип алган.

"Айка" фильмин тартууга катышкан төрт өлкөнүн арасында Казакстан дагы бар. ММКлар Сергей Дворцевойду орусиялык кинорежиссер катары сыпаттаганы менен Канн фестивалына тасма Казакстандын атынан тааныштырылды. Сергей Дворцевой Шымкентте туулуп, 1990-жылы Москвага көчүп кеткен.

Канн фестивалынын 70-айлампасынын баш сыйлыгы - "Алтын пальманы” быйыл жапон режиссеру Хирокадзу Корээда “Дүкөнчү ууру-кескилер” аттуу тасмасына берилди. Эң мыкты фильм номинациясынын жеңүүчүсү көчөдө калган баланы багып алган майда уурулар жөнүндө баяндайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29