KELECHEK

Сирия: исламисттер акыркы козголоңчул анклавдан чыгып кетти

Сирия: исламисттер акыркы козголоңчул анклавдан чыгып кетти

Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн Лондондогу борбор “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары акыркы козголоңчул Ярмук анклавынан жекшембиде эвакуацияланганын кабарлады.

“Рейтер” агенттиги белгилегендей, жоочулардын чыгарылып кетиши Сириянын президенти Башар Асаддын режиминин аталган аймактагы мамлекеттик көзөмөлүн калыбына келтирет.

Сириянын мамлекеттик ММКлары исламчылардын Дамасктын жанындагы Ярмук анклавын таштап кетүүсүнө жол ачкан макулдашуу тууралуу кабарлашкан жок. Ишемби күнү Сириянын аскер кызматкери жоочулар менен кандайдыр бир макулдашуу болгонун төгүндөгөн.

Сириянын өкмөтү Ярмук анклавында өз бийлигин калыбына келтирүү менен Сириянын батышындагы эң акыркы козголоңчу районду жок кылган болот. Ошол эле кезде Түркия, Ирак жана Иордания менен чектеш жерлерде да Асаддын режимине баш ийбеген бир нече аймактар бар.

Лондондогу мониторинг борборунун өкүлдөрү кабарлашкандай, анклавга автобустар түн ортосунда кирип, жоочуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн алып чыгып кеткен. Алар Дамасктын чыгыш тарабындагы Аль-Бадия облусундагы чөлдүү райондорго багыт алышканы кабарланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Трамптын мурдагы штаб башчысы кирешелерин салыктан жашырууга...

Трамптын мурдагы штаб башчысы кирешелерин салыктан жашырууга...

АКШ президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорт...

ДҮЙНӨ 2018-08-01  18:09

Сочиде Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Сочиде Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Сочиде Орусия, Иран жана Түркия...

ДҮЙНӨ 2018-07-31  14:49

Трамп: Орусияга каршы санкциялар сакталат

Трамп: Орусияга каршы санкциялар сакталат

АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү...

ДҮЙНӨ 2018-07-31  14:55

Трамп Иран президенти менен жолугушууга даяр

Трамп Иран президенти менен жолугушууга даяр

АКШ президенти Дональд Трамп Иран президенти Хасан Роухани менен “алдын ала  шартсыз” эле...

ДҮЙНӨ 2018-07-31  16:49

Эрдоган: АКШ маанилүү өнөктөшүнөн ажырап калышы мүмкүн

Эрдоган: АКШ маанилүү өнөктөшүнөн ажырап калышы мүмкүн

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ лидери Дональд Трамптын...

ДҮЙНӨ 2018-07-30  15:33

Дональд Трамп: Орусия ноябрда демократтарды колдойт

Дональд Трамп: Орусия ноябрда демократтарды колдойт

АКШ президенти Трамп ноябрда Конгресс...

ДҮЙНӨ 2018-07-26  05:07

Трамп: Путин менен эки өлкөгө пайда алып келе турган маселелер жөнүндө...

Трамп: Путин менен эки өлкөгө пайда алып келе турган маселелер жөнүндө...

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен Хелсинкидеги жабык...

ДҮЙНӨ 2018-07-24  11:51