KELECHEK
rek

УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты

УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты

Кубанычбек Кулматов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго коррупция боюнча айып такты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагында Кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 2 млн. АКШ доллар грантты мыйзамсыз иштеткени аныкталган. Ал Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу шылтоосу менен көрсөтүлгөн акча каражатын өкмөттүн кароосунан мэриянын кароосуна алып алган.

Андан кийин Кубанычбек Кулматов “Альто Групп” ЖЧКсы менен сынактан сырткары келишим түзүп, анын жетекчиси менен жең ичинен сүйлөшүп, Кытай компаниясын 1 млн. АКШ долларын аталган менчик фирманын эсебине түз котортуп койгон. Мындан сырткары Бишкек шаарынын бюджетинен Калыс-Ордо айылындагы мектептин курулушун бүткөрүү үчүн деп кошумча 100 млн. сом акча бөлдүргөн.

Учурда кеп болуп жаткан аткаруучу курулуш компаниясынын жетекчилеринин бири кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Айыпталуучу Кулматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин үйүнө соттун санкциясынын негизинде тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө уланууда.

Кубанычбек Кулматов кечээ, 20-майда үйүнө тинтүү жасалганын “Азаттыкка” ырастаган. Кулматов буга чейин кызматтан кетишин саясат менен байланыштырган.

Кубанычбек Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Андан үч күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. 

2014-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого 386 млн. доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн. доллар грантка мектеп салып бермек болгон. Ага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечилген. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга чейин кыскарган.

Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишканага - "Айкөл курулуш" компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Ага Кытайдын акчасынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн. сом бөлүнүп берилген.

Башкы прокуратура былтыр “Айкөл курулуш” компаниясы менен мэриянын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, мектепти курууга мамлекет берген сумманын 91 миллиону кымырылганын жарыялаган.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53