KELECHEK

Стамбулдагы ИКУ жетинчи кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык декларация кабыл алынды

Стамбулдагы ИКУ жетинчи кезексиз саммитинин жыйынтыгы боюнча жыйынтык декларация кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы 18-майда, Стамбул шаарында (Түркия Республикасы) Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ИКУ мүчө-өлкөлөрүнүн делегация башчылары тарабынан Палестинанын аймагындагы чыңалуунун өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануу билдирилген жыйынтык декларациясы кабыл алынды.

Декларацияда эл аралык коомчулукка, негизинен, БУУ Коопсуздук кеңешинин мүчө-өлкөлөрүнө Палестина маселеси боюнча эл аралык укук жана тартип ченемдерин коргоо милдеттенмелерин аткаруусу боюнча  чакыруу билдирилди.

ИКУ кезексиз саммитинин катышуучу өлкөлөрү дүйнөлүк коомчулукту Палестинадагы абалды БУУ Башкы Ассамблеясынын, Коопсуздук кеңешинин жана БУУ Адам укуктары боюнча кеңешинин кароосуна токтоосуз түрдө коюуга күч-аракет жумшоого чакырды.

Кезексиз саммит ИКУнун учурдагы төрагасы – Түркиянын демилгеси боюнча чакырылды. Анын ишине 9 мамлекет – Афганистан, Гвинея, Иран, Катар, Кувейт, Мавритания, Судан, Иордания жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы катышты. Индонезия жана Гамбияны вице-президенттер көрсөтүштү.

Палестина, Кыргызстан жана Пакистан – Өкмөт башчылар деңгээлинде, ал эми Өзбекстан, Алжир жана Судан парламент спикерлер деңгээлинде көрсөтүлдү.

ИКУ Баш катчысы Юсуф бин Ахмад аль-Усаймин жыйынтык маалымат жыйынында белгилегендей, ИКУ саммити израиль аскерлеринин палестиналык тынч жарандарга карата аракеттерин эл аралык тергөөгө алууга чакырды.

Анын айтымында, палестиналыктарга карата аракеттерди иликтөө боюнча эл аралык эксперттерден турган көзкарандысыз комиссияны түзүү саммиттин кыйла маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп саналат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Керчтеги кол салуудан өлгөндөрдүн саны 20га жетти

Керчтеги кол салуудан өлгөндөрдүн саны 20га жетти

Керч политехникалык коллежиндеги кол салуудан каза болгондордун саны 20 кишиге жетти. Бул тууралуу...

ДҮЙНӨ 2018-10-19  02:23

Ташкентте Мирзиеевдин жаңы резиденциясынын жолу үчүн үйлөр бузулууда

Ташкентте Мирзиеевдин жаңы резиденциясынын жолу үчүн үйлөр бузулууда

Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы...

ДҮЙНӨ 2018-10-17  05:36

Түркия Идлибде деэскалация аймагы түзүлгөнүн билдирди

Түркия Идлибде деэскалация аймагы түзүлгөнүн билдирди

Сирия оппозициясынын өкүлү. 31-август, 2018-жыл

Түркия буга чейин орус жана...

ДҮЙНӨ 2018-10-12  01:03

Транс-чек ара суу агымдары боюнча Конвенция Бюросунун төрагалыгы...

Транс-чек ара суу агымдары боюнча Конвенция Бюросунун төрагалыгы...

Казакстан транс-чек ара суу агымдарын жана эл аралык...

ДҮЙНӨ 2018-10-12  01:47

Фейсбук Орусияда ондогон аккаунттарды жапты

Фейсбук Орусияда ондогон аккаунттарды жапты

Фейсбук биринчи жолу Орусияда колдонуучулардын маалыматтарын мыйзамсыз топтоп, иликтеп, андан...

ДҮЙНӨ 2018-10-12  09:26

Ооганстанда талибдердин чабуулунан кеминде 15 аскер мерт болду

Ооганстанда талибдердин чабуулунан кеминде 15 аскер мерт болду

Ооганстандын Кундуз провинциясындагы талибдердин чабуулунан өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн кеминде...

ДҮЙНӨ 2018-10-12  15:03

Трамп: Хейли БУУдагы элчилик кызматтан жыл соңунда кетет

Трамп: Хейли БУУдагы элчилик кызматтан жыл соңунда кетет

Президент Дональд Трамп АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Никки Хейлинин кызматтан...

ДҮЙНӨ 2018-10-11  02:38