KELECHEK
rek

«Ариет» балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары Индияга барышат (ФОТО)

«Ариет» балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары Индияга барышат (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларына Индиянын 6 шаарынан атайын чакыруу келген. Бирок, чыгармачыл балдар каражаттын тартыштыгынан улам ал жакка барар-барбасы азырынча белгисиз. Каражат маселесин чечүү максатында өнөрлүү балдар  биринчи жолу “Балдар биздин бактыбыз” аталышындагы кайрымдуулук концертин өткөрүштү. Бирок, концерттен түшкөн каражат алардын чет жакка кийүүчү кийимдерин жаңылоого гана жетет.

Аталган борбордун башчысы Жыпара Аманкулованын айтымында, балдар өз өнөрлөрүн тартуулап, каражат топтоо менен Индиянын шаарларына кыргыздын улуттук баалуулуктарын тартуулагысы келишкен. Бул демилгени шаардыктар эле эмес, борбордон келген депутаттар да колдоого алып, акчалай салым кошушту. 

Аталган борбордо тарбияланган балдар өздөрү тандап алган багытта өнөр үйрөнүшөт. Өзгөчө улуттук музыкалык аспаптарда ойногонду, ырдап-бийлегенди өздөштүрүү менен шаарда гана эмес, республикалык, эл аралык иш-чараларга активдүү катышышат. Алар чет жактарга кыргыздын улуттук өнөрүн жайылтууну, чет элдик маданиятты сиңирип, өнөр бийиктигин дагы да багындырууну самашат.  

“Ариет” балдар чыгармачылык борборуна сахналык кийимдерди сатып алууда жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүп келет. Ошентсе да шаардык бюджеттин эсебинен бардык керектөөлөрдү толук камсыз кылуу кыйын маселе.

Балдардын кайрымдуулук концерти көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбай, алар өз салымдарын кошуп кетишти. Концерттен 100 миң сомдой каражат топтолду. Келген ата-энелер, улуулар өнөрлүү балдардын аракетине ыраазы болушуп, алар үчүн дагы да жакшы шарттар түзүлүшү керек деген пикирлерин билдиришти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачылык борбору мындан 22 жыл мурда түзүлгөн. Буга чейин көптөгөн республикалык, эл аралык ар кандай кароо-сынактарда катышып, баш байгелерди багындырган. Эми каражат табылса, Индияга барышмакчы. Азыр аталган борбордогу 22 ийримде миңдей өспүрүмгө 23 мугалим тарбия берип келет.  

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30