KELECHEK
rek

Сооронбай Жээнбеков: Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң

Сооронбай Жээнбеков: Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан аялдарын Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Кадырман апалар!

Адам баласына өмүр берген апаларыбыздын  расмий майрамы – Энелер күнү  менен чын дилимден  куттуктайм!

Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, энени үйдүн куту, коломто ээси, жашоонун булагы катары ыйык тутуп келген. “Дүйнөнүн түркүгү – энелер” деп айтылат элибизде.

Жашоонун башаты эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө. Эне сүтү – ыйык. Энелерибиздин бешик ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жаңырып турат. Адам баласына жарык дүйнө тартуулоо менен, энелер бардык жакшы касиеттерди ыроолойт.

Бүгүн биз Сиздерге бардык жакшы тилектерди, таза ниетибизди, сөздүн берметин арнагыбыз келет. Сиздер сый-урматка, жылуу мамилеге, ар тараптуу колдоого татыктуу деп билебиз. Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң.

Сиздердин мээримиңиздерди, мээнетиңиздерди талыкпаган адал эмгек, таза ниет менен гана актай алабыз.

Сиздерди дагы бир ирет Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Баардыгыңыздарга ачык асман, узун өмүр, бакубат жашоо, чексиз бакыт каалайм!”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12