KELECHEK
rek

Аксы хатибияты «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрдү

Аксы хатибияты «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрдү

Аксы хатибияты ЖКККБ менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрүп, жол эрежеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин өлкөбүздөгү жол кырсыктарын болтурбоонун алдын алуу жана жарандарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында чыгарылган буйругун ишке ашыруу  максатында Аксы хатибияты жана Аксы РИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрдү.

Акцияга Аксы районунун баш имам хатиби, хатибият кызматкерлери, имамдар  жана ЖКККБнын  кызматкерлери катышып, акция алкагында баш имам хатиб айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө адам өмүрү баалуу экендигин, жол кыймылынын эрежесин сактоо милдеттүү экендигин айтып, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырды. Ал эми РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Добулбеков Момуналы хатибият менен биргеликте уюштурулуп жаткан «Адам жаны аманат» аттуу акция өзүнүн жакшы натыйжасын берип, жол кырсыктарынын азайышына салым кошооруна тилектештигин билдирди.

«Адам жаны аманат» аттуу акция Кербен шаарынын борбордук көчөлөрүндө жана жүргүнчүлөрдү ташуучу авто бекеттерде улантылып, аймактарга каттаган такси айдоочуларына  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми айдоочулар бул акциянын уюштурулушу учурдун талабы экендигин айтышып, дагы бир жолу дем бергенин жашырышкан жок.

Эскерте кетсек, «Адам жаны аманат» аттуу акция буга чейин Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда да өткөрүлгөн болчу.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41