KELECHEK

“Нарын ГЭС” мекемесинин жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

“Нарын ГЭС” мекемесинин жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

Токтогул районундагы “Нарын ГЭС” ачык акционердик коомунун 50дөй кызматкери 2014-жылдан бери айлык акысын толук ала албай келгенин айтып, 15-майда нааразылык акциясына чыгышты.

Алардын бири Эркин Суванкулов мекемеде 1997-жылдан бери иштеп келгенин айтып, жумушчулардын алды 500 миң сом, аркасы 100 миңге чейин аласасы бар экенин билдирди:

- “Нарын ГЭС” ишканасы салыкка сегиз миллион сом, электрге 40 миллион сомдой карыз экен. Кыштан бери үч жолу митинг уюштурдук. Каракөл шаарынын депутаттары менен да жолуктук, бирок эч майнап чыккан жок. 2014-жылдан бери айлыкты убагында ала албайбыз. Иш токтоп турат.

Мекеменин башкы жетекчиси Нурмамбет Жекшеев бул акцияны митинг деп айтууга болбой турганын айтып, жумушчулардан уюшулган топ жакында бул маселени чечиш үчүн Бишкекке бараарын “Азаттыкка” билдирди:

- Бул менин өзүмдүн демилгем болчу. Айткам, "эртең барып жолугалы. Андан кийин мен өзүм силерди Бишкекке алып барып келейин" деп. Азыр "Улуттук энергохолдингдин" башкы директору жок, биздин ишибиз да токтоп турат.

“Нарын ГЭС” ачык акционердик коому - Кыргызстанда гидроэлектр станцияларды куруучу жалгыз ишкана.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кум-Бел көмүр кениндеги жагдайды комиссия изилдейт

Кум-Бел көмүр кениндеги жагдайды комиссия изилдейт

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кум-Бел көмүр кениндеги жагдайды...

Аймак 2019-01-09  05:52

Сузактагы Ж.Бөкөнбаев атындагы комплекстин бөлүнүшүнө жергиликтүү...

Сузактагы Ж.Бөкөнбаев атындагы комплекстин бөлүнүшүнө жергиликтүү...

Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылында комплекс болуп түптөлгөн Жоомарт...

Аймак 2019-01-09  05:57

Ноокенде 35 кВ “Избаскент- Рахманжан” аба чубалгысынын 8 чакырымы...

Ноокенде 35 кВ “Избаскент- Рахманжан” аба чубалгысынын 8 чакырымы...

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому Ноокен районуна караштуу 35 кВ “Избаскент...

Аймак 2018-11-21  13:21

Сузакта көчкү түшүп Ачы сайын бөгөп калды

Сузакта көчкү түшүп Ачы сайын бөгөп калды

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен...

Аймак 2018-10-23  13:31

“Жалалабатэлектро” ААКу 35 кВ  “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын...

“Жалалабатэлектро” ААКу 35 кВ “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысын...

Токтогул районуна караштуу 22 чакырым “Үч-Терек-Өзгөрүш” аба чубалгысы жогорку...

Аймак 2018-10-11  02:18

Ала-Букада такталбаган чек арадагы жол сүйлөшүүдөн кийин оңдоло...

Ала-Букада такталбаган чек арадагы жол сүйлөшүүдөн кийин оңдоло...

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында Өзбекстан...

Аймак 2018-10-04  17:15

Кадамжайда кытай ишкерлерин контейнерге камап салгандар боюнча...

Кадамжайда кытай ишкерлерин контейнерге камап салгандар боюнча...

Кадамжай районунун Майдан айылында Шамбесай кенин иштеткен кытайлык ишкерлерди коркутуп,...

Аймак 2018-09-28  16:43