KELECHEK
rek

Шыкмаматов: энергомафия өкүлдөрү ЖЭБди модернизациялоодо 100 млн долларды "жеп койгон"

Шыкмаматов: энергомафия өкүлдөрү ЖЭБди модернизациялоодо 100 млн долларды

“Бишкек жылуулук борборун модернизациялоонун баасы 2-3 эсеге жогорулатылган. Энергомафиянын үч өкүлү “крышалары” менен бирге 100 миллиондой долларды жеп койгон”,-деп билдирди Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов болсо буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жетекчиси парламент трибунасынан көрсөткөн аттиштер тууралуу маалыматы жалган деп баалады.

Бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып ал жакында өзү Бишкектеги бир топ базарлар менен дүкөндөрдү кыдырып чыкканын, дал ошондой эле аттиштер топтомун 2500 сом турарын көргөнүн айтып, аны депутаттарга алып келип көрсөттү.

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов "бул аттиштерди далил катары кылмыш ишине тиркеш керек" деген пикирин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53