KELECHEK
rek

Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бейтапка кол көтөрдү

Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бейтапка кол көтөрдү

Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминери Ресубликалык инфекциялык ооруканада бекер гемодиализ процедурасын алуу боюнча жардам сурап кайрылган бейтапка кол көтөрдү.

Атын атабоону өтүнгөн Ташкент шаарынын тургуну жума башында клиникада бекер гемодиализ жана фильтр болбогондуктан, медициналык жардам ала албай калган жана Саламаттык сактоо министрлигине арызданып барган.

Бирок министрликтин өкүлү анын арыз-муңуна кулак төшөөнүн ордуна муштум кезеген. Видеожазуудан аткаминер кардарга орой мамиле жасап, мобилдүү телефонун тартып алууга аракет кылганын көрүүгө болот.

Саламаттык сактоо министрли кызматкердин аракетин актабай турганын, ага карата чара көрүлөрүн билдирди. Окуя дүйшөмбү күнү болгон.

Бейтаптын айтымында, учурда Ташкентте бекер гемодиализге муктаж адамдар көп, бирок алар бекер медициналык жардам ала албай келишет. “Алар оорулууларга жаңы фильтрлерди беришпейт. Бир жолу колдонулуучу фильтрди үч жолу колдонушат. Гепарин, венофер жана репретин сыяктуу препараттарды да беришпейт. Бейтаптар аларды өз акчасына сатып алышууда. Диализ процедурасы 4 саатка созулушу керек, дарыгерлер болсо аны 3 саатта эле бүтүрүп коюшат”, –деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү учурда Өзбекстанда гемодиализ аппараттары жетишсиз экенин айтты. Анын билдиришинче, учурда 17 жабдуу гана бар, ал болсо 4 миң бейтапты тейлөөгө кудуретсиз.

Гемодиализ бөйрөктөр иштебей калганда колдонулат жана бул органдын милдетин аткаруу менен бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38