KELECHEK

Казакстанда пара берген прокурор 7 жылга соттолду

Казакстанда пара берген прокурор 7 жылга соттолду

Актөбө шаардык соту Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнө пара берүү иши боюнча юстициянын кенже кеңешчиси Эсентур Кадыровду күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Казинформ» жаңылыктар агенттиги жазды.

Өкүмгө ылайык, Кадыров ошондой эле мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан жана юстициянын кенже кеңешчиси наамынан ажырайт. Соттун чечими азырынча күчүнө кире элек.

Адвокаттын айтымында, соттолуучу өкүм боюнча даттанууга ниеттенүүдө.

Эсентур Кадыров өткөн жылы ноябрда кармалган. 2017-жылы августта Казакстандын Башкы прокуратурасы ишине көңүл кош мамиле кылган деген шек менен Актөбө прокуратурасынын бир нече кызматкерине каршы кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча алардын арасында болгон Кадыров кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Башкы прокуратуранын тергөөчүлөр тобуна пара берүүгө аракет кылган. Бирок ал бул айыптоону четке кагууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ташкент-Тамчы аба каттамы токтоп калды

Ташкент-Тамчы аба каттамы токтоп калды

Өзбекстандын Ташкент шаарынан...

Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө

Ашхабадда эски үйлөр түрттүрүлүүдө

Ашхабаддын бир катар кичи райондорундагы эки кабаттуу турак жайлар...

Трамп Лондонго сапарын Тереза Мэйди сындоо менен баштады

Трамп Лондонго сапарын Тереза Мэйди сындоо менен баштады

АКШ президентинин сапарына каршы нааразылык акциясы

Бейшембиде расмий сапары менен Улуу...

Ашхабадда мыйзамсыз акча алмаштырууга каршы күрөш башталды

Ашхабадда мыйзамсыз акча алмаштырууга каршы күрөш башталды

Ашхабаддагы көчө соодасы (архив сүрөт)

Ашхабад базарларында мыйзамсыз акча алмаштырууга жана...

Казакстан ТИМи Каспийде аскер базалары ачылганын четке какты

Казакстан ТИМи Каспийде аскер базалары ачылганын четке какты

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Каспийге АКШнын аскер базалары жайгаштырылгандыгы...

Түркмөнстандагы «азык-түлүктүн көптүгү» жергиликтүү жана өзбек...

Түркмөнстандагы «азык-түлүктүн көптүгү» жергиликтүү жана өзбек...

Ашхабадда өткөн көргөзмө-жарманкедеги нан текчелери (архив сүрөт)

Өзбекстандын...

Трамп: мыйзамсыз мигранттарды сотсуз эле депортациялоо керек

Трамп: мыйзамсыз мигранттарды сотсуз эле депортациялоо керек

АКШ президенти Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттарды соттук...