KELECHEK

Мирзиёев Өзбекстанда адам укуктарын коргоо иштери уланарын билдирди

Мирзиёев Өзбекстанда адам укуктарын коргоо иштери уланарын билдирди

Өзбекстанда адам укуктарынын абалын жакшыртуу боюнча иштер мындан ары дагы уланат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Акүйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда билдирди.

“Стартегиялык өнөктөштүктүн жаңы доору” деп аталган биргелешкен билдирүүдө Трамп Өзбекстанда бийликке Мирзиёевдин келиши менен бул өлкө саясий, экономикалык жана социалдык реформалар боюнча алдыга жылганын белгилеген.

Мирзиёев президенттик кызматты 2016-жылы Өзбекстанды чейрек кылым башкарган Ислам Каримов өлгөндөн кийин ээлеген.

Акүйдүн маалыматына ылайык, Трамп Мирзиёевдин адам укуктарынын абалы боюнча программасын жактырып, саясий туткундарды бошотуу, балдар эмгегин пайдаланууну жана мажбурлап иштетүүнү токтотуу боюнча иштер жүрүп жатканынына көңүл бурган.

«Бул жетишкендиктер экономикалык жана саясий, ошондой эле коопсуздук боюнча Кошмо Штаттар менен кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түздү» деп айтылат Акүйдүн билдирүүсүндө.

Мирзиёев Вашингтонго жасаган алгачкы иш сапарында Өзбекстанда диний эркиндикти колдоо боюнча «жол картасын» ишке ашырууда чечкиндүү экенин билдирди. Ал өзбекстандыктардын кызыкчылыгын биринчи планга коюу - мындан ары да адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоого жол ачарын кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

БУУнун Башкы Ассамблеясы Крым жөнүндөгү резолюцияны колдоду

БУУнун Башкы Ассамблеясы Крым жөнүндөгү резолюцияны колдоду

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Украина тарабынан сунушталган “ Крым, Азов жана Кара...

ДҮЙНӨ 2018-12-18  16:12

ЕБ Орусиянын жалган маалыматтарына каршы күрөшүү планын иштеп чыкты

ЕБ Орусиянын жалган маалыматтарына каршы күрөшүү планын иштеп чыкты

Европа комиссиясы Орусия тараптан жайылтылып жаткан жалган маалыматтарга каршы...

ДҮЙНӨ 2018-12-06  11:51

Макрон өкмөттү демонстранттар менен сүйлөшүүгө чакырды

Макрон өкмөттү демонстранттар менен сүйлөшүүгө чакырды

Франция президенти Эммануэль Макрон өлкө өкмөтүн демонстранттардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө...

ДҮЙНӨ 2018-12-03  14:37

Трамп Аргентинада Путин менен жолукпай турган болду

Трамп Аргентинада Путин менен жолукпай турган болду

Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Аргентинада...

ДҮЙНӨ 2018-11-30  19:39

БУУ Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпаганын билдирди

БУУ Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпаганын билдирди

Сирия жаңжалын жөнгө салуу боюнча Орусиянын,...

ДҮЙНӨ 2018-11-30  19:46

НАТО Азов деңизине аскер кемелерин жөнөтпөйт

НАТО Азов деңизине аскер кемелерин жөнөтпөйт

Украин президенти Петро Порошенко бейшембиде НАТОдон...

ДҮЙНӨ 2018-11-30  20:02

Өзбекстан Эл аралык миграция уюмунун мүчөсү болду

Өзбекстан Эл аралык миграция уюмунун мүчөсү болду

Өзбекстан Миграция боюнча эл аралык уюмдун...

ДҮЙНӨ 2018-11-29  03:11