KELECHEK

Бачабаз дарыгердин курмандыгы болгон спортчу кыздар жарым миллиард доллар кенемте алышат

Бачабаз дарыгердин курмандыгы болгон спортчу кыздар жарым миллиард доллар кенемте алышат

Бачабаз доктор Ларри Нассардын курмандыгы болгон бир нече америкалык гимнаст кыз компенсация боюнча дарыгердин өзү менен жана Мичиган штатынын университети менен келишим түздү.

Ага ылайык, дарыгерди ишке алган университет кыздарга жалпысынан 500 миллион доллар төлөп берет. Ларри Нассарды сотко берген аялдар (332 аял) 425 миллион долларды бөлүп алышат, ал эми 75 миллион доллар Нассардан сексуалдык ыдык көргөн башка курмандыктарга берүү үчүн атайын фондго которулат.

Акыркы он жылдан бери америкалык спортто бул дарыгерге байланышкан иш эң ири жаңжал болуп калды. Нассар жалпысынан 175 жылга түрмөгө кесилди. Ал зордуктоо, жашы жете электерге сексуалдык жактан асылуу, балдар порносун сактоо боюнча күнөөлүү деп табылган.

Сот жараяны учурунда жүздөн ашуун аял 54 жаштагы дарыгерди айыпташкан, алардын арасында олимпиадалык чемпиондор Александра (Эли) Райсман менен Жорди Вибер дагы бар. 144 аял Нассарга каршы көрсөтмө берген.

Бул чуулгандуу иштен улам Кошмо Штаттардын Спорттук гимнастика боюнча федерациясынын жетекчилиги биринен сала бири кызматтан кетишкен. Күбөлөр федерация өкүлдөрү гимнаст кыздардан түшкөн арыздарга көңүл бурбай, дарыгердин кылыктарын жаап-жашырганын айтышкан.

Нассар учурунда Кошмо Штаттарда абдан белгилүү дарыгер болгон. Ал Спорттук гимнастика федерациясы менен 1986-жылдан тарта кызматташкан.

1996-жылы мекеменин башкы дарыгери болуп дайындалган. 1996, 2000, 2008 жана 2012-жылдары өткөн Олимп оюндарында АКШнын гимнастика боюнча курамасындагы спортчулардын саламаттыгына кам көргөн.

1997-жылдан тарта Мичиган штатынын университетинде сабак берип, анын алдындагы ооруканада да эмгектенип жүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Иликтөө: тажик аялдарынын 90% күйөөлөрүнөн жазганат

Иликтөө: тажик аялдарынын 90% күйөөлөрүнөн жазганат

Эл аралык International Alert уюмунун Тажикстанда жүргүзгөн иликтөөсүнө караганда, эркектердин көбү аялдарын...

УКУК 2018-12-18  15:38

Өзбекстанда электр энергиясы үчүн төлөнгөн 17 миң долларды кымырып...

Өзбекстанда электр энергиясы үчүн төлөнгөн 17 миң долларды кымырып...

Өзбекстандын Жизак облусунда электр колдонуучулардан...

УКУК 2018-12-18  15:58

Келдибеков Атамбаевди сотко бере турганын билдирди

Келдибеков Атамбаевди сотко бере турганын билдирди

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков...

УКУК 2018-12-17  15:21

Грузиянын учурдагы президенти Георги Маргвелашвилинин күйөө баласы...

Грузиянын учурдагы президенти Георги Маргвелашвилинин күйөө баласы...

Гиорги Маргвелашвили

Грузиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Тблисиде...

УКУК 2018-12-07  04:49

Орусиялык чек арачылар тажик мигранттарын сакал алууга мажбурлашууда

Орусиялык чек арачылар тажик мигранттарын сакал алууга мажбурлашууда

Айрым тажик мигранттар орус-казак чек арасынан өтүп баратканда...

УКУК 2018-12-07  05:09

Казакстанда кардарлары балмуздакка ууланган күркөнүн ээси соттолду

Казакстанда кардарлары балмуздакка ууланган күркөнүн ээси соттолду

5-декабрда Шымкенттин Аль-Фараби райондук соту «адамдардын массалык...

УКУК 2018-12-06  11:53

Өзбекстанда 1-июлдан тарта кайгуул кызматкерлери жолдордо жашыруун...

Өзбекстанда 1-июлдан тарта кайгуул кызматкерлери жолдордо жашыруун...

2019-жылдын 1-июлунан тарта айдоочулар мобилдүү видеокамералары жок жол кайгуул...

УКУК 2018-12-05  11:17