KELECHEK
rek

АКШ Сенатынын чалгындоо комитети: Орусия Трампка жардам берүүгө аракет кылган

АКШ Сенатынын чалгындоо комитети: Орусия Трампка жардам берүүгө аракет кылган

АКШ Сенатынын чалгындоо иштери боюнча комитети Орусия 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген атайын кызматтын корутундусу менен макул болду. Бул тууралуу комитет төрагасы Ричард Берр менен сенатор-демократ Марк Уорнердин биргелешкен билдирүүсүндө айтылган.

Сенаторлордун билдиришнче, 14 ай бою ар түрдүү булактардын маалыматтары текшерилип, аналитикалык иштер жүргүзүлгөндүктөн, Орусия шайлоого кийлигишкен деген бул чечим менен макул болбоого негиз жок.

Билдирүүдө Орусия тараптан көрүлгөн аракеттердин бардыгы Дональд Трампка жардам берүү үчүн президент Владимир Путиндин жеке буйругу менен ишке ашырылганы белгиленген.

АКШ атайын кызматынын январда жарыяланган баяндамасында Орусия 2016-жылдагы добуш берүү жыйынтыктарына таасир этүү үчүн хакердик жана пропагандалык иштер менен алектенгендиги жазылган. Москва мындай айыптоолорду бир канча жолу четке каккан.

27-апрелде Конгресстин өкүлдөр палатасынын чалгындоо комитети Орусия АКШда башаламандык жана араздашууларды жаратууга аракет кылып, киберчабуулдарды жана социалдык түйүндөрдү колдонуп келгендиги жазылган баяндамасын жарыялаган. Бирок анда Москва мындай аракеттерди көп жылдардан бери көрүп келгени жана добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эте алмак эместиги белгиленген.

Ошондой эле өкүлдөр палатасынын баяндамасында АКШ атайын кызматтары сынга алынып, алар Москванын Трампка жардам берген-бербегенин аныктоо үчүн заманбап ыкмаларды колдонбогону айтылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52