KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЕККУ КЫЗЫКДАР (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЕККУ КЫЗЫКДАР (ФОТО)

Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Жалал-Абад шаарынын коопсуздугуна жана экономикалык жактан ырааттуу өнүгүшүнө кызыкдар. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси Пьер фон Аркс баш болгон ушул уюмдун өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги ортосундагы сүйлөшүүлөр учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев ЕККУ Жалал-Абад шаарынын укук коргоо кызматтарын техникалык жактан колдоо, башка да чөйрөлөрдө тийиштүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу пайдалуу кызматташтыкты ишке ашырып келатканы үчүн ЕККУнун өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди. Ошондой эле жалпы коопсуздук жана башка чөйрөлөрдөгү ушундай кызматташтык улантыла беришинин зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Пьер фон Аркс мырза Кыргыз Республикасынын Президенти аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын жарлык чыгарып, бул жагынан өз ара пайдалуу кызматташтыктарды арттырууну зарыл деп эсептеди. Ушул максатта Жалал-Абад шаары менен кызматташуунун алкагында жакынкы келечектеги зарылдыктар боюнча баарлашкысы келгенин айтты.

Шаар жетекчиси Т. Темирбаев шаарда коомдук коопсуздук маселелери биринчи орунда турарын билдирип, бул багытта мектептерде, коомдук жайларда жана унаа жолдорундагы коопсуздукту камсыз кылуу жагынан кызматташса болорлугун айтты. Ошондой эле укук коргоо органдарын техникалык жактан камсыздоо боюнча да кечиктирилгис маселелер барлыгын ортого салып, селсаяктардын коопсуздугун, алардын социалдык жана башка укуктарын ишке ашыруу жагынан атайын долбоорлор ишке ашырылса деген ниетин билдирди.

Пьер фон Аркс мырза экономикалык жана адам укуктары чөйрөсүндө да кызматташууга даяр экендиктерин айтып, коомдун радикалдашуусунун, ар кандай экстремисттик көрүнүштөрдүн өөрчүп кетишинин алдын алуу багытында аракеттер болорун, ошону үчүн да коомдогу ар кайсы чөйрөлөрдө иштер алып барыларын белгиледи. Элементардык эле жол жана өрт коопсуздугу боюнча да атайын иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташуу зарылдыгын айтты.

Тараптар аялдар, дин маселелери, адам укуктарынын сакталышы жана корголушу, жеке адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан кызматташуу боюнча өз ара пикирлерди ортого салышты. Ошондой эле кыска убактагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу актуалдуу жана пайдалуу болгонун белгилешти. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда “Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү” белгиленет

Жалал-Абадда “Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү” белгиленет

Эртең 25-сентябрь күнү “Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү” белгиленет. Жалпы Кыргызстанда 24-29-сентябрь...

КООМ 2018-09-24  12:38

Тажикстанда азык-түлүк колдонуунун төмөнкү деңгээли аныкталды

Тажикстанда азык-түлүк колдонуунун төмөнкү деңгээли аныкталды

Бир күндө 112 грамм эт, 405 грамм нан, 25 грамм балык жана жарым...

КООМ 2018-09-24  13:18

Астана чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү

Астана чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү

Астана администрациясы кызматтык унаадан баш тартып, такси менен...

КООМ 2018-09-24  13:34

Ошто мекеме-ишканаларда кыргыз тил майрамы белгиленди (ФОТО)

Ошто мекеме-ишканаларда кыргыз тил майрамы белгиленди (ФОТО)

Кечээ, 23-сентябрда Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз...

КООМ 2018-09-24  16:53

Түркмөнстанда нан үчүн кезекке туруу уланууда

КООМ 2018-09-19  13:25

Тажикстанда алп наристеге эки эненин эмчек сүтү берилүүдө

Тажикстанда алп наристеге эки эненин эмчек сүтү берилүүдө

Быйыл июлда Куляб шаарында 8 килограмм салмакта...

КООМ 2018-09-06  08:22

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ЭКИ АЙЛЫГЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ЭКИ АЙЛЫГЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн эки айлыгы жүрүп жатат. Жалал-Абад шаарынын...

КООМ 2018-09-02  00:09