
Өзбекстан менен АКШ 4 миллиард долларлык келишимге кол коюуга ниеттенүүдө

Өзбекстан менен АКШ Шавкат Мирзиёевдин Вашингтонго болгон сапары учурунда бир нече миллиард долларлык келишимге кол коеру күтүлүүдө.
Америка-өзбек соода палатасынын төрагасы Кэролин Лэмм «Өзбекстан 24» телеканалына берген маегинде 15-майда жалпысынан төрт миллиард долларлык келишимге кол коюлары пландалганын айтты. Анын билдиришинче, тараптар соода, коммерция, инвестиция багытында кызматташууну арттырат.
Лэмм экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири – мунайгаз жана түстүү металлургия тармагы экенин белгиледи. Ал Өзбекстанда биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн жалпы кызыкчылыктар жетиштүү экенин айтты.
Трамп менен Мирзиёев алгач ирет 2017-жылы майда араб-мусулман өлкөлөрү менен АКШнын Эр-Риядда өткөн саммитинин алкагында жолугушкан.
Мирзиёев былтыр сентябрда Нью-Йоркто америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен кездешип, эки тараптуу бизнес-форумга катышкан. Форумдун жыйынтыгы менен мунайгаз, мунайхимия, машина куруу, электротехникалык өндүрүш жана жарандык авиация тармагында 2,6 миллиард доллардык келишимге кол коюлган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Президент Жээнбеков: Мамлекеттик каржы институттары 25 млрд сомдон...
“2018 -жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду...
ЭКОНОМИКА 2019-02-22 02:44
Казакстан Кыргызстан менен Өзбекстандан жер-жемиш алып кирүүгө тыюу...
Казакстан 19-февралдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандан жер-жемиш алып...
ЭКОНОМИКА 2019-02-22 16:21
Ташкентте Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча сүйлөшүүлөр өтөт
Жакында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча...
ЭКОНОМИКА 2019-02-20 01:36
Немис эксперттери «Түркмөн аба жолдорунун» эл аралык деңгээлге...
«Түркмөн аба жолдорунун» учагы
«Түркмөн аба...
ЭКОНОМИКА 2019-02-19 06:14
Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот 25-февралдан тарта жүгүртүүгө...
Өзбекстанда 25-февралдан тарта 100 миң сумдук жаңы банкнот...
ЭКОНОМИКА 2019-02-19 06:19
Орусия санкциялардан улам 6 миллиард доллардан ашуун зыян тартты
Орусиялык экспортчулар Батыштын экономикалык санкцияларынан улам 6 миллиард 300 миллион доллар...
ЭКОНОМИКА 2019-02-19 08:19
Cotton Campaign өзбек пахтасына бойкот жарыялоону улантат
Эл аралык Cotton Campaign (Пахта кампаниясы) коалициясы АКШга барган өзбек делегациясы...
ЭКОНОМИКА 2019-02-19 01:31