KELECHEK

Сириядагы оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөргө келди

Сириядагы оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөргө келди

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү Астанага бүгүн келгенин билдирди. Анда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусия, Иран жана Түркиянын демилгеси менен башталган сүйлөшүүлөрдүн тогузунчу айлампасы өтүүдө.

«Бүгүн эртең менен Астанага Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү келишти. Жалпысынан 24 киши. Делегациянын башында Ахмад Тома турат», — деди Жайнаков.

Анын айтымында, пленардык жыйын бүгүн күндүн экинчи жарымында өтөт. Жайнаков кечээ Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр АКШ өкүлдөрүнүн катышуусусуз өтүп жатканын билдирген. Кошмо Штаттар буга чейинки жолугушууларга делегациясын дайыма жөнөтүп келген.

14-майда Орусия президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Москва дале болсо Вашингтон сүйлөшүүлөргө катышат деп үмүттөнүп жатканын билдирген.

Сирияда Орусия менен Иран президент Башар Асаддын өкмөтүн колдойт. Кошмо Штаттар менен Түркия бийликке каршы чыккан козголоңчу топторду кубаттоодо. 2011-жылы мартта согуш башталгандан бери Сирияда 330 миңден ашык киши өлүп, миллиондогон адам качкынга айланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Назарбаев казак өкмөтүн отставкага кетирди

Назарбаев казак өкмөтүн отставкага кетирди

Андан мурдарак Назарбаев өлкөдөгү экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн өкмөт “кетиши...

ДҮЙНӨ 2019-02-22  12:57

Ак үй: Сирияда АКШнын 200дөй аскери калат

Ак үй: Сирияда АКШнын 200дөй аскери калат

АКШнын Сириядагы аскерлери

АКШ Сириядан аскерлерин чыгаргандан кийин ал...

ДҮЙНӨ 2019-02-22  16:27

Берни Сандерс АКШдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Берни Сандерс АКШдагы президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Берни Сандерс

Вермонт штатынан көз карандысыз сенатор Берни Сандерс 2020-жылы...

ДҮЙНӨ 2019-02-21  05:17

Трамптын өзгөчө абал киргизүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко...

Трамптын өзгөчө абал киргизүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко...

АКШнын президенти Дональд Трамп

Дүйшөмбү...

ДҮЙНӨ 2019-02-20  04:38

Иран: Тегеран Тажикстанга бир туугандай мамиле кылат

ДҮЙНӨ 2019-02-19  06:30

Трамп ЕБны ИМ тобунун катарында согушкан жарандарын кайтарып алууга...

Трамп ЕБны ИМ тобунун катарында согушкан жарандарын кайтарып алууга...

АКШ президенти Дональд Трамп Британия, Франция жана Германияны америкалык аскерлерди туткунга...

ДҮЙНӨ 2019-02-18  10:15

Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган көпүрө ачылды

Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган көпүрө ачылды

Душанбе Тажикстан менен Ооганстанды байланыштырган Пянж дарыясындагы...

ДҮЙНӨ 2019-02-18  10:33