KELECHEK
rek

Кемероводо «Зимняя вишня» соода борборун бузуу иштери башталды

Кемероводо «Зимняя вишня» соода борборун бузуу иштери башталды

Кемероводо мурдагы «Зимняя вишня» соода борборунун имаратын бузуу иштери башталды. Бул тууралуу «Сибирь.Реалии» сайты кабарлады.

Имаратты бузуу чечими кырсыктан бир нече күн өткөндөн кийин кабыл алынган, бирок түрттүрүү иштери бүгүн гана башталууда.

Облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сергей Цивилев алгач соода борбордун ээлери менен бир катар маселелерди жөнгө салып алуу керек болгонун айтты. «Мында имаратка ээлик кылган бир канча топ бар: негизги топ — бул имаратты кайтарымсыз негизде шаарга өткөрүп берүүгө макул болуп, тиешелүү кагаздарга кол коюп бергендер. Дагы бир нечеси аны өз каалоолору менен бере тургандыктарын айтышты. Имараттын калган ээлери менен дагы маселе чечилет», - деди ал.

Соода борборду бузууга кетчү чыгымдардын баарын имаратты шаардын балансына өткөрүп берүүгө макул болгон «Зимняя вишнянын» ээлери өзүлөрүнө алган. Бирок имараттын айрым ээлери аны бузууга макул эмес, ошондуктан соода борбордун имаратын шаарга берүү тууралуу акыркы чечим кабыл алына элек.

Жалпысынан мурдагы соода борбордун аймагындагы 7 имарат бузулат. Бийлик бул иштердин канчага созула турганын тактаган жок. Бирок «Сибирь.Реалии» басылмасынын маалыматы боюнча алар эки айдын ичинде бүткөрүлүшү керек.

«Зимняя вишня» соода борборунда өрт 25-мартта болгон. Расмий маалыматтар боюнча анда 60 киши, анын ичинде 40тан ашык бала каза болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...