KELECHEK
rek

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Туруктуу элдик кеңеш 14-майда Бишкекте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу кеңештин төрагасы, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жыйында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу талаптар айтылды.

Негизинен, үч сунуш - Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүү боюнча аракет кылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

- "Биринчиси - парламентти 120 эмес, 60 депутатка кыскартуу. Бир мандаттуу шайлоо округунан партия эмес, депутат шайлансын. Экинчиси - президенттин, Жогорку Кеңештин жыл сайын аткарган иштери боюнча отчету элдик курултайда жыл сайын угулсун. Үчүнчүсү - жергиликтүү соттордун судьяларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайласын" деген талаптарды Баш мыйзамга киргизүү боюнча демилгечи топ түзүлдү.

Былтыр апрелде Бишкекте өздөрүн "Улуттук мекенчил күчтөр" деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган бир топ саясатчылар кирген.

Ал эми Конституция акыркы жолу 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53