KELECHEK
rek

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРГА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ НУРБОЛОТ МИРЗАХМЕДОВ БАРАТ

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРГА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ НУРБОЛОТ МИРЗАХМЕДОВ БАРАТ

Бүгүн, 14-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы сел жүргөн аймактарга Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов барат. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 16:33 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптаган жана 15 турак үйдүн короосун суу каптаган. Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Акчайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө суу кирген жана Караташ айылында ички чарбалык унаа көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Ак-Суу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган КР Унаа жана жол министрлигине караштуу №13 Жол тейлөө ишканасынын балансындагы ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган. Ак-Суу айылынан 7 бодо малды жана 2 электр мамычасын сел суулары агызган.

КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин №74 өрт-куткауу бөлүгүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик взводунан 6 куткаруучу, №13 ЖТИден 1 жүктөгүч жана РЭСтен 1 ыкчам топ, КР ӨКМнин 3-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 50 куткаруучу тартылып, Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө каптаган сууну саат 21:00дө толук тазалашты. Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо иштери улантылып жатат. Ошондой эле жолдорду калыбына келтирүү, сел суулары кирген турак жайлар менен социалдык обьектилерди тазалоо жумуштары улантылууда.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...