KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Сочиге учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Сочиге учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 14-майда  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн  Россия Федерациясынын  Сочи шаарына  учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Бирликтин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо  маселелери талкууланат.

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия республикабыз Бирликтин алкагында эки жылдын аралыгында жетишкен негизги жыйынтыктарды чагылдырган “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык бирликтеги эки жыл. Алгачкы жыйынтыктар” аттуу докладды сунуштамакчы.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда. Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык спектрин, ошондой эле  евразиялык мейкиндикте интеграциялык өз ара аракеттенишүүнү алдыга жылдыруу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков ГФР Федералдык канцлери Ангела Меркель...

Президент Сооронбай Жээнбеков ГФР Федералдык канцлери Ангела Меркель...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  16-апрелде Германияга расмий визитинин...

CАЯСАТ 2019-04-17  22:48

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда экономиканын бардык...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда экономиканын бардык...

«Кыргызстанда экономиканын бардык тармактары тышкы инвесторлор үчүн ачык», — деп билдирди...

CАЯСАТ 2019-04-16  18:03

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык президенти...

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык президенти...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Берлин шаарында Германиянын...

CАЯСАТ 2019-04-16  21:51

Президент Сооронбай Жээнбеков Бундестагдын төрагасы Вольфганг...

Президент Сооронбай Жээнбеков Бундестагдын төрагасы Вольфганг...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде Берлин шаарында ...

CАЯСАТ 2019-04-16  22:39

Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын...

Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария Мамлекеттик канцеляриясынын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында...

CАЯСАТ 2019-04-15  17:01

Президент Жээнбеков Германияга иш сапар менен барды

Президент Жээнбеков Германияга иш сапар менен барды

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат...

CАЯСАТ 2019-04-14  16:13

Депутат кайталанма жооптору үчүн премьер-министрди сынга алды

Депутат кайталанма жооптору үчүн премьер-министрди сынга алды

Өкмөт былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку...

CАЯСАТ 2019-04-13  04:53