KELECHEK

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

Үстүбүздөгү жылдын 14-16-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: 14-16-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, 14-15-майларда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. 14-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

14-15-майларда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 10…15°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 14-16-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү  жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү күтүлөт. 

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан 2018-жылдын 10-май күнү №02-34/374-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалыматтар жиберилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда “Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү” белгиленет

Жалал-Абадда “Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү” белгиленет

Эртең 25-сентябрь күнү “Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү” белгиленет. Жалпы Кыргызстанда 24-29-сентябрь...

КООМ 2018-09-24  12:38

Тажикстанда азык-түлүк колдонуунун төмөнкү деңгээли аныкталды

Тажикстанда азык-түлүк колдонуунун төмөнкү деңгээли аныкталды

Бир күндө 112 грамм эт, 405 грамм нан, 25 грамм балык жана жарым...

КООМ 2018-09-24  13:18

Астана чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү

Астана чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү

Астана администрациясы кызматтык унаадан баш тартып, такси менен...

КООМ 2018-09-24  13:34

Ошто мекеме-ишканаларда кыргыз тил майрамы белгиленди (ФОТО)

Ошто мекеме-ишканаларда кыргыз тил майрамы белгиленди (ФОТО)

Кечээ, 23-сентябрда Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз...

КООМ 2018-09-24  16:53

Түркмөнстанда нан үчүн кезекке туруу уланууда

КООМ 2018-09-19  13:25

Тажикстанда алп наристеге эки эненин эмчек сүтү берилүүдө

Тажикстанда алп наристеге эки эненин эмчек сүтү берилүүдө

Быйыл июлда Куляб шаарында 8 килограмм салмакта...

КООМ 2018-09-06  08:22

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ЭКИ АЙЛЫГЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ЭКИ АЙЛЫГЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн эки айлыгы жүрүп жатат. Жалал-Абад шаарынын...

КООМ 2018-09-02  00:09