KELECHEK

Тажикстанда өмүр бою соттолгондор үчүн түрмө курулат

Тажикстанда өмүр бою соттолгондор үчүн түрмө курулат

Хужанд шаарынын четиндеги абак

Душанбеден алыс эмес жайгашкан Рудаки районунун аймагына өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын абак курулат. Бул тууралуу өткөн аптада Тажикстандын Жазаларды аткаруу кызматынын төрага орун басары Илхом Махмудзода Женевада, БУУнун кыйноолорго каршы комитетинде баяндама жасап жатып билдирди.

«Тажик өкмөтү өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар үчүн атайын түрмө куруу милдеттенмесин алган жана аны аткарат. Учурда мамлекеттик түзүмдөр сунушталган долбоорлорду карап, абактын курулушунун сметасын түзүп жатышат», - деди Махмудзода.

Тажикстан өткөн жумада БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинде кыйноолор боюнча эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышы тууралуу отчет берди.

Тажикстанда 2004-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. Былтыр жайында өлкөнүн Юстиция министрлиги республика боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган 80 адам бар экенин билдирген. Алардын арасында Президенттик гвардиянын мурдагы командири Гаффор Мирзоев, өлкөдө тыюу салынган Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясынын лидеринин орун басарлары Саидумар Хусайни менен Махмадали Хайит жана Элдик фронттун белгилүү командири Лангари Лангариевдин иниси Сухроб Лангариев бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты

УКМК Кубанычбек Кулматовго айып такты

Кубанычбек Кулматов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Башкы прокуратура...

УКУК 2018-05-21  10:17

Ашхабадда карылар үйүнүн жашоочулары ачкалыктан жапа чегүүдө

УКУК 2018-05-21  10:35

Прокуратура ЖЭБ боюнча тергөө объективдүү жүрүп жатат

Прокуратура ЖЭБ боюнча тергөө объективдүү жүрүп жатат

Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу төрт кылмыш иши козголгон,...

УКУК 2018-05-17  18:42

Бачабаз дарыгердин курмандыгы болгон спортчу кыздар жарым миллиард...

Бачабаз дарыгердин курмандыгы болгон спортчу кыздар жарым миллиард...

Бачабаз доктор Ларри Нассардын курмандыгы болгон бир нече америкалык гимнаст кыз компенсация боюнча...

УКУК 2018-05-17  18:58

Шыкмаматов: энергомафия өкүлдөрү ЖЭБди модернизациялоодо 100 млн...

Шыкмаматов: энергомафия өкүлдөрү ЖЭБди модернизациялоодо 100 млн...

“Бишкек жылуулук борборун модернизациялоонун баасы 2-3 эсеге жогорулатылган. Энергомафиянын...

УКУК 2018-05-17  19:18

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Туруктуу элдик кеңеш 14-майда Бишкекте жыйын...

УКУК 2018-05-16  03:14

Баткенде чек арадагы чыр үчүн тажик тарап кечирим сурады

Баткенде чек арадагы чыр үчүн тажик тарап кечирим сурады

Баткен облусунда Тажикстандын аскер кызматкерлери менен кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыкты....

УКУК 2018-05-14  12:18