KELECHEK

Өзбек бийлиги элди мажбурлап иштетүүнү токтотот

Өзбек бийлиги элди мажбурлап иштетүүнү токтотот

Өзбекстан өкмөтү өлкөдө студенттерди жана бюджеттик ишканаларда эмгектенгендерди мажбурлап ишке салууну толук токтотуу боюнча жарлык чыгарды.

Дүйнөдөгү эң көп пахта өндүргөн өлкөлөрдүн бири болуп эсептелген Өзбекстан көптөгөн жылдардан бери окуучулар менен студенттерди, ошондой эле бюджеттик ишканалардын кызматкерлерин мажбурлап пахта теримге чыгарып келет.

2015-жылы өзбек пахтасына бойкот жарыялаган эл аралык коомчулуктун басымынан кийин Ташкент жашы жете электердин эмгегин пайдаланууну токтоткон.

«Мажбурлап иштетүүнү токтотуу боюнча кошумча чаралар тууралуу» өкмөттүн жарлыгында мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттер көчө шыпыруу же пахта терүү өңдүү иштерге мажбурлап тартылбашы керектиги жазылган. Андан тышкары документте мамлекеттик органдар, анын ичинде Башкы прокуратура менен Эмгек министрлиги мындай практиканы токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү керектиги белгиленген.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр күзүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөндө Өзбекстанда жарандарды жапырт ишке салуу маселеси тууралуу айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ислам Каримовдун уулу өзбек авиакомпаниясын сотко берди

Ислам Каримовдун уулу өзбек авиакомпаниясын сотко берди

Петр Каримов 1969-жылы туулган, Ислам Каримовдун биринчи никедеги уулу

Өзбекстандын...

УКУК 2018-10-12  01:07

Өзбекстанда автоунаадан ыргытылган таштанды үчүн айыппул эки эсеге...

Өзбекстанда автоунаадан ыргытылган таштанды үчүн айыппул эки эсеге...

Өзбекстанда автоунаадан жана коомдук транспорттон таштанды ыргыткандарга айыппул эки эсеге...

УКУК 2018-10-12  09:27

Казакстан ИИМинин эки аткаминери коррупция шеги менен кармалды

Казакстан ИИМинин эки аткаминери коррупция шеги менен кармалды

Казакстан ИИМинин Жаза аткаруу комитетинин атайын каттоо...

УКУК 2018-10-11  02:32

Өкмөт ички миграцияга көзөмөлдү күчөтүү ниетинде

Өкмөт ички миграцияга көзөмөлдү күчөтүү ниетинде

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын орун которуштуруусу боюнча так маалыматтарга ээ болуу...

УКУК 2018-10-11  02:42

Кыргызстанда кыйноонун материалдык чыгымы эсептелди

Кыргызстанда кыйноонун материалдык чыгымы эсептелди

Бишкекте "Кыргыз Республикасындагы кыйноолордун укуктук, медициналык жана социалдык...

УКУК 2018-10-09  00:57

Автобус кырсыгынан каза болгон өзбекстандыктардын туугандары 150...

УКУК 2018-10-05  17:18

Путин пенсия реформасы жөнүндө мыйзам топтомуна кол койду

Путин пенсия реформасы жөнүндө мыйзам топтомуна кол койду

Орусия президенти Владимир Путин пенсия реформасы тууралуу мыйзам топтомуна кол койду. Бул тууралуу...

УКУК 2018-10-05  18:07