KELECHEK

Баткенде чек арадагы чыр үчүн тажик тарап кечирим сурады

Баткенде чек арадагы чыр үчүн тажик тарап кечирим сурады

Баткен облусунда Тажикстандын аскер кызматкерлери менен кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, окуя 12-майда Лейлек районунда болду.

Расмий билдирүүгө караганда, автоунаа минген тажикстандык төрт аскер Кыргызстандын аймагына 50 метрдей кирип келип, тургундардын документтерин текшере баштаган. Тургундар буга нааразы болуп, алардын машинесинин ачкычын алып коюшкан.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын аскер жана күч органдарынын кызматкерлери барып, жаңжалды басышкан.

Эки өлкөнүн тийиштүү аскер адамдары маселени талкуулап, тажик тарап кечирим сураган. Алар жаңы келген жоокерлер байкабай коңшу өлкөгө кирип кетишкенин билдиришкен.

Окуя иликтенип жатат. Лейлек райондук күч органдары тактоо иштери үчүн тажик аскерлери минип келген автоунааны алып кетишти. Аймактагы кырдаал Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөлүндө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

БУУнун комитети Кыргызстанды аялдардын укугун коргоого үндөдү

БУУнун комитети Кыргызстанды аялдардын укугун коргоого үндөдү

Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети кыргыз бийлигин адам укуктарын бузуп,...

УКУК 2018-09-20  13:28

Мас абалында машине башкарган киши түрк дипломаты экени айтылды

Мас абалында машине башкарган киши түрк дипломаты экени айтылды

Бишкекте бир тарапка кеткен көчөдө эреже бузуп айдап, жол коопсуздук кызматкерлерине кармалып,...

УКУК 2018-09-14  10:11

Варшавада тажик делегациясы менен оппозиция өкүлдөрүнүн мушташы...

Варшавада тажик делегациясы менен оппозиция өкүлдөрүнүн мушташы...

Тажикстандын өкмөттүк делегациясы менен оппозиция тарапташтары. Варшава

Польша полициясы...

УКУК 2018-09-14  04:17

Масалиев «Таблиги жамаатты» экстремисттик уюмдардын катарына...

Масалиев «Таблиги жамаатты» экстремисттик уюмдардын катарына...

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев

Жогорку Кеңеште...

УКУК 2018-09-13  12:19

Сагынбаев: Түркия 130 кишиден турган

Сагынбаев: Түркия 130 кишиден турган "гүленжилердин" тизмесин берген...

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Анкара Кыргызстандын бийлигине...

УКУК 2018-09-12  12:03

Казакстан Сирия менен Ирактагы жарандарын кайтарууга аракет кылууда

Казакстан Сирия менен Ирактагы жарандарын кайтарууга аракет кылууда

Казак бийлигинде Сирия менен Иракта жүргөн...

УКУК 2018-09-12  12:12

Казакстан ооган аялдарынын укуктарынын корголушун жактайт

Казакстан ооган аялдарынын укуктарынын корголушун жактайт

5-сентябрда Астанада “Ооганстандагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген...

УКУК 2018-09-08  05:19