KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ЧЕЙРЕК КЫЛЫМЫ БЕЛГИЛЕНДИ (ФОТОРЕПОРТАЖ)

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН  ЧЕЙРЕК КЫЛЫМЫ БЕЛГИЛЕНДИ (ФОТОРЕПОРТАЖ)

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин түптөлгөнүнүн 25 жылдыгы белгиленип, окуу жайынын негиздөөчүсү, биринчи ректору жана президенти, илимдин доктору, профессор, 70 жылдыгы белгиленип жаткан Токтомаматов Кантөрө Шариповичтин ысымы ыйгарылды. Мындан ары окуу жайы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет деп аталат.

Бул маанилүү окуяга байланыштуу 12-майда аталган окуу жайына Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, ар кайсы министрликтер менен ведомстволордун, Жалал-Абад облусунун жана район-шаарларынын, өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулар, чет элдик коноктор, К.Ш.Токтомаматовдун үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары, окуучулары менен шакирттери, коомчулуктун өкүлдөрү келишти.

Окуу жайга К.Ш.Токтомаматовдун ысымын ыйгаруу жана анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн ага арналып тургузулган эстеликти ачуу аземин окуу жайынын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков ачты. Ал эми К.Ш. Токтомаматовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков окуу жайынын жамаатына К.Ш. Токтомаматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу аракеттери үчүн ыраазылык билдирди.

Жаңы ысымдуу окуу жайын жана тургузулган эстеликти ачуу тасмасы кыркылып, келген коноктор окуу жайынын фойесиндеги К.Ш. Токтомаматовдун эстелигине гүлчамбарларды коюшту жана анын өмүрүн, эмгек жолун, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган көргөзмө менен таанышышты.

КАНТӨРӨ ШАРИПОВИЧ ТОКТОМАМАТОВ (Өмүр баяны)

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, жогорку билим жаатында эмгек сиңирген ишмер, мыкты илимпоз, экономика илимдеринин доктору, профессор, Жалал-Абад ишкердүүлүк университетинин негиздөөчүсү жана жетекчиси, Жалал-Абад облустук Кеңешинин эки жолку депутаты Токтомаматов Кантөрө Шарипович 1947-жылдын 20-декабрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган.

Орто мектептен кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинен “Финансы” адистиги боюнча билим алып, аны 1970-жылы ийгиликтүү бүтүргөн.

Эмгек жолун 1970-жылы Ош облустук финансы бөлүмүнүн ага инспектору кызматынан баштаган. Кийинки 1975-93-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин Статистика жана механикалык эсеп кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу, доценти, эсеп жана экономика факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген. Дал ушул жылдары Кантөрө Токтомаматов өлкөбүздүн флагманы болгон университетте экономика, каржы, салык, банк, бухгалтерия жаатындагы миңдеген жаш адистерди даярдоого адис катары да, чыныгы педагог катары да зор салымын кошкон. Ошол жылдары ал чыгаан педагог жана илимпоз катары да калыптанган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин аспиранттурасын “Эл чарбасын пландоо” адистиги боюнча 1975-жылы аяктаган.

1979-жылы В.А.Вознесенский атындагы Ленинграддагы финансы-экономикалык институтунда экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын ийгиликтүү жактаган.

1988-жылы доцент илимий наамын алган.

2001-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен экономика илимдеринин доктору илимий даражасы ыйгарылган.

2002-жылы КР Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор илимий наамы берилген.

2010-жылы ажылык парызын аткарган.

Кантөрө Шарипович билим берүү системасында бир нече муунду өстүрүп-тарбиялаганга жетишкен. Ал 150дөн ашык илимий эмгектердин автору боло алды. Анын ичинде үч монография, төрт окуу китеби жана бухгалтердик терминдердин англис-орус-кыргыз сөздүгү бар. Илимий устат катары өзүнүн жетекчилигинин астында экономика багыты боюнча илимдин 2 докторун, 10 кандидатын даярдап чыгарган. Экономика жаатында өзүнүн илимий мектебин негиздөөгө жетише алган.

1993-жылдын 1-апрелинде Жалал-Абад кооперативдик техникумунун жана кооперативдик кесиптик окуу жайынын базасында Кыргыз Керек-жарак коомунун сунушу менен КР Президентинин Жарлыгы чыгып, ага ылайык Жалал-Абад коммерциялык институту ачылып, жаңы жогорку окуу жайды талаптуу деңгээлге жеткирүү, кадрдык жактан күчтөндүрүү максатында институттун кызмат ордуна К.Ш.Токтомаматов дайындалган. Ушул эле жылы К..Ш.Токтомаматовдун демилгеси менен Түркия мамлекетиндеги “Түрк дүйнөсү “ фонду менен келишим түзүлүп, институттун астында Кыргыз-Түрк факультети ачылып, кийинки убакта институт болуп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү иштеп, бүткүл Азия мамлекеттеринен келген студенттер билим алууда.

Анын зор эмгегинин, менеджердик жөндөмүнүн натыйжасында Коммерциялык институт 2005-жылдын 16-июлундагы Кыргыз керек жарак коомунун атайын токтому менен “Экономика жана Ишкердик академиясы” болуп, көп өтпөй КР Билим берүү министрлигинин коллегиясынын 2005-жылдын 4-ноябрындагы чечими менен Жалал-Абад “Экономика жана ишкердик университети” болуп кайра түзүлгөн. Азыр Эл аралык университет деген статуска ээ болуп, жемиштүү иштеп жаткан учуру. 2017-жылы окуу жайдын эмгек жамааты демилге көтөрүп, Жалал-Абад Эл аралык университетине Кантөрө Токтомаматовдун ысымын берүү сунушталган.

Кантөрө Токтомаматов аталган  жогорку окуу жайдын 1993-2016-жылдардагы ректору, 2016-жылдын май айынан өмүрүнүн акырына чейин президенти болду.

Замандаштары жылуу сөздөр менен эскеришти

Эл аралык университеттин чоң жыйындар залында окуу жайдын жана анын туңгуч ректору, президенти К.Ш. Токтомаматовдун өмүр таржымалына арналган салтанаттуу жыйын болуп, ага катышкандар  К.Ш. Токтомаматовго арналган тарыхый-документалдуу тасманы көрүштү.

Профессор, экономика илимдеринин доктору, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректоу Абдилбает Мамасыдыков аталган окуу жайдын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы жана К.Ш.Токтомаматовдун 70 жылдык маарекеси боюнча келген конокторго баяндама жасады.

- Агайыбыз жетектеген Жалал-Абад коммерциялык институтун бүгүнкү күндөгү бийиктикке жеткирүүдө түгөнбөгөн түйшүктүү канча жылдар артта калды. Жалпысынан 28 жыл агайдын жанында жүрүп, анын ичинен 13 жыл Кантөрө Шариповичтин биринчи проректору катары эмгектендим. Менин жашоомдо бул жылдар бактылуу жана жооптуу мезгил болду. Агайыман таалим-тарбия, сабак алдым. Ар бир маселе боюнча колдоо таптым. Мени ушундай эрезеге жеткирген агайымдын элеси дайыма жүрөгүмдө.

Биздин профессор К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жамааты устатыбыз Кантөрө Шариповичти алпештеген насаатчы, улуу даанышман катары ар дайым унутпай эстеп жүрүүбүз анык. Агайыбыз сепкен үрөн, мол түшүм жараткандай, ал тиккен чырпык чынар сыңары кулач жайгандай эле, агайдын мөмөлүү дарагы гүлдөп, жыл сайын арбын мөмө берип, алдыда дагы-дагы ашууларды багынтып, аткан таңдай нур чачып, айлананы жылуулукка бөлөй берери шексиз, - деди ректор А.Мамасыдыков.

Андан кийин, салтанатка келген Жогорку кеңештин депутаттары, академиктер, Кантөрө Шарипович алгач иштеп кеткен Кыргыз улуттук мамлекеттик университеттин ректору баш болгон эмгек жамааты, Польшадан келген коноктор, өлкөдөгү ЖОЖдордун ректорлору жакшы ой-тилектерди айтышып, өздөрүнүн кызыктуу эскерүүлөрүнө токтолушту. Алар өз сөздөрүндө К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин азыркы учурда өлкөдөгү алган орду жана Кантөрө Шариповичтин  окуу жайдын өнүгүүсүнө, илимге кошкон зор салымы, эмгектери тууралуу кызыктуу сөздөрдү айтышты. Өздөрүнүн баалуу белектерин жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Түшкү сый-тамактан кийин Жалал-Абад шаарына алыстан ат арытып келген коноктор үчүн шаарга саякат уюштурулду.

Ал эми 13-май күнү окуу жайда К.Ш. Токтомаматовдун 70 жылдыгына, окуу жайынын түптөлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган “Илимий изилдөөлөр: илимдеги, билим берүүдөгү жана технологиядагы изилдөөнүн заманбап жаңылыктары” атуу “1-Токтомаматов окуулары” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Сауд Арабия Кыргызстанда мектептерди салат

Сауд Арабия Кыргызстанда мектептерди салат

Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-09-20  13:32

Талас: ата-энелер боз үй сатып алууга каршы

Талас: ата-энелер боз үй сатып алууга каршы

Талас шаардык-райондук билим берүү...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-09-19  13:03

Фырат: «Сапаттын» имараттарын «Маарифке» өткөрүү пландалып жатат

Фырат: «Сапаттын» имараттарын «Маарифке» өткөрүү пландалып жатат

Түркия жана Кыргызстан президенттери

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-09-10  11:47

Ташкент шаар башчысы окуучуларга бекер планшет тапшырды

Ташкент шаар башчысы окуучуларга бекер планшет тапшырды

Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артикходжаев 5-сентябрда №169 мектептин 1-классынын 246 окуучусуна...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-09-07  10:44

Казакстанда ата-энелер жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилишин...

Казакстанда ата-энелер жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилишин...

Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолукчан кыздар...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-09-06  08:40

Түркмөнстан: президенттин ноутбуктары айрым 1-класстагыларга...

Түркмөнстан: президенттин ноутбуктары айрым 1-класстагыларга...

Түркмөнстанда жыл сайын 1-сентябрга карата президент тарабынан...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2018-09-04  08:27