KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД: БИР АПТА СУУ ЖОК БОЛГОН АЙМАККА СУУ БЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД: БИР АПТА СУУ ЖОК БОЛГОН АЙМАККА СУУ БЕРИЛДИ

Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына тарабынан бул көйгөй жоюлуп, азыркы тапта шаардыктар таза суу менен толук камсыз кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев билдирди.

Эскерте кетсек, айрым массалык маалымат каражаттары аркылуу шаардагы 170 кожолук эл эки айдан бери суусуз кыйналып жатканы тууралуу маалымат таркаган. Бирок, аны шаар бийликтери бул маалыматты четке кагышууда.

-Биринчиден, 170 эмес, ал жерде 120 кожолук эл жашап турат. Экинчиден, эки ай бою суусуз калышкан эмес, убак-убагы менен суу берилип турган. Бирок, суу насосунун күйүп кеткенине байланыштуу акыркы бир аптада суусуз калышкан. Себеби, өз убагында “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына бул тууралуу кабар беришпеген. Качан гана башкармалыкка кабар жеткенде, алар тийиштүү чараларды көрүштү, азыр эл толугу менен суу ичип жатат. Эч кандай көйгөй жок, - деп билдирет Т. Темирбаев.

Алынган маалыматтарга караганда, 120 кожолук эл мурда убак-убагы менен гана суу менен камсыз болуп келишсе, эми үзгүлтүксүз камсыз болушту.  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Ташкентте жапырт түрдө бак-дарактарды кыюу уланууда

Ташкентте жапырт түрдө бак-дарактарды кыюу уланууда

Ташкент шаарынын Мирзо-Улугбек районунда бактарды жапырт кыюу – жергиликтүү...

КООМ 2018-08-03  01:32

Тажикстанда ичүүчү суунун баасы көтөрүлбөйт

Тажикстанда ичүүчү суунун баасы көтөрүлбөйт

Тажик бийлиги ата-мекендик...

КООМ 2018-08-01  18:18

Ош шаарынын мэри ажылык сапарга аттанган тургундар менен жолукту...

Ош шаарынын мэри ажылык сапарга аттанган тургундар менен жолукту...

Бүгүн, 31-июлда Ош шаарынан ажылык сапарга аттанган мусулмандарды узатуу аземине шаар мэри Таалайбек...

КООМ 2018-07-31  15:57

Оштогу 150 орундуу оорукананын курулуш иштери  99 %га бүттү

Оштогу 150 орундуу оорукананын курулуш иштери 99 %га бүттү

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Тилек аймактык кеңешине курулуп жаткан 150...

КООМ 2018-07-30  15:44

Ош шаарынын мэри Синзян-уйгур автономиялык аймагынан келген...

Ош шаарынын мэри Синзян-уйгур автономиялык аймагынан келген...

Кечээ, 26-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Синзян-уйгур...

КООМ 2018-07-27  18:13

Өзбекстанда бир нече имам жумуштан бошотулду

Өзбекстанда бир нече имам жумуштан бошотулду

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы 26-июлда республиканын бир катар мечиттеринен...

КООМ 2018-07-27  18:33

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУДА (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭС АЛУУ ЖАЙЛАРЫ ЖАҢЫЛАНУУДА (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы жаштардын багы аталган Токтогул көчөсүндөгү аллея жаңыланууда. Шаардык...

КООМ 2018-07-27  18:49