Мухтар Аблязов: Казакстандагы митингдерди мен уюштурдум
Казакстандык ири ишкер жана банкир, 2009-жылдан бери Европада бозгунда жашап жүргөн Мухтар Аблязов кечээ Казакстандын бир канча шаарында өткөн митингдерди өзү уюштурганын "Азаттыктын" казак кызматынын суроосуна жооп берип жатып айтты.
10-майда Казакстандын Астана, Алматы, Орол, Актөбө, Атырау, Семей жана Чымкент шаарларында “саясий туткундарды камактан чыгарууну талап кылган” нааразылык акциялары өттү. Астана менен Алматыдагы митингге катышкан ондогон адамды полиция "урусат берилбеген көчө жыйынын өткөрүп жатышат" деген негизде күч менен кармап кетти. Кармалгандардын бир тобу административдик жазага тартылды. "Саясий туткундарды камактан бошотуу" урааны менен ондогон адам катышкан митингдерде социалдык, экономикалык жана саясий талаптар коюлду.
Акыркы маалыматтарга караганда, Алматы соту укук коргоочу Ерлан Калиевди “тынч жыйын, митинг, пикет жана демонстрация” өткөрүү тартибин бузду” деп айыптап, беш суткага, Алматы тургуну Ринат Алдамжаровду үч суткага камады.
Ал эми абактагы бизнесмен Ескендир Еримбетовдун энеси Гайни Еримбетовага эскертүү берип, сот залынан бошотту.
Буга чейин сот Мухтар Аблязовдун "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик деп тапкан. Казакстандык ири ишкер жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада жашынып жүрөт. Ал казак бийлиги өзүнө койгон айыптарды четке кагып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04