KELECHEK
rek

Түркмөн өкмөтү экономика өнүгүп жатканын билдирди

Түркмөн өкмөтү экономика өнүгүп жатканын билдирди

Түркмөнстан өкмөтүнүн жыйыны (архив сүрөт)

Түркмөн өкмөтү 4-майдагы жыйын маалында жыл башынан бери ички дүң өнүм жалпысынан 6,2 пайызга өскөнүн билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу азык-түлүк өнүмү дагы 4,2 пайызга көбөйгөн.

Өкмөт ошондой эле төрт айдын жыйынтыгында товар жүгүртүү көлөмү 18,2 пайызга өсүп, ошол эле маалда күнүмдүк керектөөчү товарларга болгон баалар менен калк үчүн кызмат тарифтери белгиленген чектен ашпаганын билдирди.

Экономика өсүп жаткандыгы тууралуу түркмөн өкмөтүнүн кезектеги отчету өлкөдө нан менен ундун тартыш болуп, азык-түлүк алууда чектөөлөр киргизилип, кезек күткөндөр көп болуп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөргө туура келүүдө. Андан тышкары өлкөдө электр энергиясы, суу жана газ үчүн каралган жеңилдиктердин жоюлушу менен коммуналдык кызматтардын баасы дагы өскөнү айтылып келет.

Түркмөн өкмөтү ошондой эле бюджетте иштегендердин айлыктары, пенсиялар жана студенттердин стипендиялары өз учурунда төлөнүп жатканын билдирди. Ал ортодо жыл башынан бери көз карандысыз булактар саламаттык сактоо, билим берүү жана мунайгаз тармагындагы айрым мекемелерде кызматкерлердин айлыгы убагында берилбей жатканын бир канча жолу кабарлашкан.

Түркмөн бийлиги өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болуп, мамлекеттик тармактарды каржылоодогу каатчылыкты расмий түрдө моюнуна албай келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38