KELECHEK

Тажикстанда ажылык сапардын баасы кымбаттады

Тажикстанда ажылык сапардын баасы кымбаттады

Тажикстан Дин иштери жана салт-санааны жөнгө салуу комитети 2018-жылдагы ажылык сапардын баасын жарыялады. Ыйык Мекке жана Медина шаарларына зыярат кылууну каалагандар быйыл 3720 доллар төлөшү керек.

Былтыр ажылык сапардын баасы 3670 доллар болгон.

Дин иштери комитетинин маалыматына караганда, бул суммага учак билети, медициналык камсыздандыруу, тамак-аш жана мейманканада калуу, гиддин кызматы жана курмандык чалуу жөрөлгөлөрүнүн баасы кирет. Мындан тышкары зыяратчыларга чемодан жана кол баштык, Зам-зам суусу үчүн 5 литрлик идиш берилет.

Ажылык сапардын жолдомосунун кымбатташы кызмат көрсөтүүчү компаниянын бааларынын жогорулашына байланыштуу.

Быйыл каалоочулардын баары эле ажылыкка бара албайт. Кембагал үй-бүлө мүчөлөрү бул укуктан ажыратылышы мүмкүн. Буга чейин бийлик 40 жашка чыга электердин ажыга барышына тыюу салган. Дин иштери комитети зыяратка көбүнчө улгайып калган кишилерди жөнөтүү керек деген пикирде.

Жыл сайын Тажикстандан ажылык сапарга 6 миңден ашуун киши барат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди “Баатыр Эне”...

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди “Баатыр Эне”...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 18-майда Энелер күнү майрамынын алдында...

КООМ 2018-05-20  17:56

Жалал-Абадда энелердин майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абадда энелердин майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди (ФОТО)

Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармонияда энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат...

КООМ 2018-05-19  17:15

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЕККУ КЫЗЫКДАР (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЕККУ КЫЗЫКДАР (ФОТО)

Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Жалал-Абад шаарынын коопсуздугуна жана...

КООМ 2018-05-16  04:37

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

Үстүбүздөгү жылдын 14-16-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: 14-16-майларда мезгил-мезгили менен жаан...

КООМ 2018-05-14  13:12

ЖАЛАЛ-АБАД: БИР АПТА СУУ ЖОК БОЛГОН АЙМАККА СУУ БЕРИЛДИ

ЖАЛАЛ-АБАД: БИР АПТА СУУ ЖОК БОЛГОН АЙМАККА СУУ БЕРИЛДИ

Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза...

КООМ 2018-05-11  14:13

ЖАЛАЛ-АБАД: СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучу-ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү...

КООМ 2018-05-09  00:33

Ош шаарынын айрым аймактарында 10-11-май күнү 8 саатка жарык өчүрүлөт

Ош шаарынын айрым аймактарында 10-11-май күнү 8 саатка жарык өчүрүлөт

Ош шаарынын айрым аймактарында 10-11-май күнү 09:00дон 17:00го чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине...

КООМ 2018-05-09  01:18