KELECHEK
rek

Сешнс: АКШ миграцияны токтотуу үчүн үй-бүлөлөрдү балдарынан ажыратат

Сешнс: АКШ миграцияны токтотуу үчүн үй-бүлөлөрдү балдарынан ажыратат

АКШ Башкы прокуратурасы жана Ички коопсуздук министрлиги чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасагандарды кичине балдарынан айырууга туура келсе да сотко бере баштайт.

Мындай катаал саясатты дүйшөмбүдө АКШ башкы прокурору Жефф Сешнс Аризона жана Калифорния укук коргоо органдарынын кызматкерлери алдында сөз сүйлөп жатып жарыялады.

"Биз чек араны бузгандарды жана адамдардын трафигин уюштургандарды куугунтукка алабыз. Эгер кимдир бирөө Америкага баласын алып киргиси келсе, ал кармалат, баласын мыйзамдарга ылайык алып коебуз. Эгер бул силерге жакпаса, өлкөгө балдарды жашыруун жөнөтпөгүлө", - деди Сешнс.

Мурда чек араны бузгандарды жөн гана Мексикага депортациялашчу. Азыркы саясат боюнча мындай жарандардын иши сотко өтөт жана жарым жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Балдарды ата-энесинен бөлүп, атайын жайларда кармашат.

Мартта чек ара режимин бузган 40 миң киши кармалган, алардын көбү Борбор Америкадан келишкен. Бул былтыркыга салыштырмалуу 200 пайызга көп.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52