KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: СОГУШТУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучу-ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү иш-чаралары тынымсыз өтүп, кечээ шаар жетекчилери, шаардык ардагерлер кеңеши аларга арнап атайын сый-тамак беришти. Ошондой эле өкмөт жана жергиликтүү бийликтер тарабынан берилүүчү стипендиялар, компенсациялар да тапшырылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаардын “Салкын” эс алуу комплексинде Улуу Жеңишти жана узак тынчтыкты камсыз кылгандарга арнап жергиликтүү бийликтер сый-тамак уюштуруу менен аларга мамлекет тарабынан берилүүчү 20 миң сомдук стипендияларды, ошондой эле оорукта иштегендер үчүн жылына бир жолу берилүүчү компенсацияларды ардагерлердин колуна тапшырышты.

Шаардын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев кан майданда салгылашып, оорукта эмгек жасап жеңишти алып келгендерди эртеңки майрамы менен куттукташып, аларга жакшы каалоолорду айтышты.

Ал эми ардагерлер көрүлүп жаткан камкордуктар, сый-урмат үчүн ыраазылык билдиришип, жер бетинде дайыма тынчтык болуусун каалашты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан согушка 10 миңден ашуун жоокерлер кетип, алардын дээрлик жарымы кайтпай калышкан. Беш жалал-абаддык Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан. Азыр Улуу Ата Мекендик согуштун 15 гана ардагери калды.   

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13