KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАДДА УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ВЕЛОЖҮРҮШ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ВЕЛОЖҮРҮШ ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аттуу веложүрүш болуп өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Бул эскерүү иш-чарасы шаардагы этникалык татарлар коому тарабынан сунуш кылынып, шаар мэриясы жана коомчулугу тарабынан колдоого алынган. Шаар жетекчилиги атайын буйрук менен веложүрүштү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларынын планын бекиткен.

-Бүгүн шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, окуу жайларынын, коомдук бирикмелердин жамааттары бир кишидей велосипеддер менен шаар четинен борбордук “Жеңиш” эс алуу багына чейин жүрүш жасашты. Ал эми эс алуу багында “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аттуу эскерме-сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, ар бир жаран согуштан кайтпай калган аталарынын, абаларынын ысымдарын жазышты, сүрөттөрүн илишти. Бул иш-чарага айрыкча жаштардын көбүрөөк катышканы бизди кубандырды, анткени аларда кечээки улуу трагедия, Улуу Жеңиш үчүн канын-жанын берген аталардын эрдиги тууралуу кененирээк билишти деп ойлойбуз, - дейт шаардын вице-мэри Руслан Алтымышов.

Шаардык маданият сарайынын күчү менен атайын программадагы концерт, сахналык көрүнүштөр уюштурулуп, иш-чаранын аягында согуштан катпай калган, тынчтык күндөрүндө көзү өтүп кеткен маркумдарга арналып Куран окулду.

Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун жоокер аттанган, алардын дээрлик жарымы өз жерине кайтып келген эмес. Жалал-Абаддыктардан 5 жоокер согуштагы кайталангыс эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан.  Ал эми азыр согуштун 15 ардагери калды.    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстандык балбандар дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга чыгышты

СПОРТ 2018-11-09  04:45

СПОРТ ЖАНА ДЕН СООЛУК ЧЫҢДООЧУ КОМПЛЕКСТИН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

СПОРТ ЖАНА ДЕН СООЛУК ЧЫҢДООЧУ КОМПЛЕКСТИН АЧЫЛЫШ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

Жалал-Абад шаарында "Газпром" компаниясы тарабынан "Газпром - балдарга" долбоорунун...

СПОРТ 2018-11-03  21:45

Оштун “Алай” командасы “Кара-Балта” командасын 9:0 эсебинде утту

Оштун “Алай” командасы “Кара-Балта” командасын 9:0 эсебинде утту

22-сентябрда Оштогу А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын “Алай” командасы өз үйүндө...

СПОРТ 2018-09-24  13:29

Футбол федерациясы “Алай” клубуна кичи автобус белек кылды

Футбол федерациясы “Алай” клубуна кичи автобус белек кылды

22-сентябрда Кыргызстан чемпиондугунун алкагында Ош шаарынын “Алай” командасы өз үйүндө...

СПОРТ 2018-09-22  13:24

Түркмөнстанда эл аралык автожарыштын катышуучулары экологиялык...

Түркмөнстанда эл аралык автожарыштын катышуучулары экологиялык...

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов

11-сентябрда...

СПОРТ 2018-09-13  12:37

ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү чемпион болду

ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү чемпион болду

Кыргызстан - Өзбекстан командаларынын беттеши. 7-сентябрь, 2018-ж.

Кыргызстандын көкбөрү боюнча...

СПОРТ 2018-09-08  05:27