KELECHEK
rek

Орусияда Навальныйдын 1600дөн ашуун тарапташы кармалды

Орусияда Навальныйдын 1600дөн ашуун тарапташы кармалды

“ОВД-инфо” укук коргоо порталы Орусияда өтүп жаткан “Ал бизге падыша эмес” деп аталган нааразылык акциялары учурунда кармалган адамдардын саны 1600дөн ашканын жарыялады. Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясына байланыштуу бийликке каршы митингдер 5-майда өлкөнүн он чакты шаарында өттү.

Полиция болсо жалпысынан 800дөй киши кармалганын билдирди. Алардын ичинен 300дөйү Москвада, 200дөйү Санкт-Петербургда кармалган.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында акцияга чакырган. Ал өзү да кечээ Пушкин аянтында кармалган. Оппозиционерге “митинг уюштурган” жана “полицияга баш ийген эмес” деп эки протокол жазылып, сотко чейин бошотушкан.

Эфир учурунда Настоящее Времянын кабарчысы Алексей Александров да кармалып, кийинчерээк коё берилген.

Санкт-Петербург шаарында нааразылык акциясынын катышуучулары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Митингчилер тосмолорду коюп, аскерлер тосуп турган аянтка өтүүгө аракет кылышты. Ал эми полиция митингчилерге күч колдонуп, союл менен уруп жатышты.

18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө бүгүн, 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура "мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет" деп эскерткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...