KELECHEK
rek

Кыргызстан-Өзбекстан автобус каттамы жанданды

Кыргызстан-Өзбекстан автобус каттамы жанданды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эл аралык автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын “УзАвтоТранс” агенттигинен кабарлашты.

Алгачкы автобус “Ташкент” автобекетинен 5-май күнү кечкисин Бишкекти көздөй жөнөп кетти. 7-майдан тартып автобустар үзгүлтүксүз каттай баштайт.

“УзАвтоТранс” ишканасынан кабарлашкандай каттамды Өзбекстан тараптан “Mironshox Grand Trans”, Кыргызстан тараптан “Транс Союз-Азия” фирмалары тейлейт. Бул компаниялар кызматташуу тууралуу эки тараптуу келишимге жетишкен. Ал келишимде автобустарды техникалык жактан, айдоочуларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү жана камсыздоо маселелери каралган.

Каттамдын узактыгы 601 чакырымды түзөт, ал эми автобус жолдо 12 саат 40 мүнөт жүрөт. Жадыбалга 30 мүнөт чек ара жана бажы көзөмөл бекеттеринен өтүү убактысы да кошулат. Автобус “Гишт куприк” (Өзбекстан) жана “Жибек жолу” (Казакстан), “Супатай баатыр” (Казакстан) жана “Чалдовар” (Кыргызстан) бекеттеринен өтөт.

Ташкент-Бишкек жана Бишкек-Ташкент каттамынын жол акысы 120 миң сум же 1000 сом болот. Бишкектен автобустар чыгыш автобекеттен жөнөйт.

Өзбекстандын автотранспорт кызматы “Фотон”, ал эми кыргызстандык фирма Yutong автобустарын иштетишет. Эки автобус тең Кытайдын өндүрүшүнөн чыккан.

"УзАвтоТранс” ишканасы буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда Ташкент – Бишкек, Фергана – Ош, Анжиян – Ош жана Ташкент – Ысык-Көл багытында төрт каттам ачуу тууралуу билдирүү тараткан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле Шавхат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин жанданган. 2017-жылы президенттик жана өкмөттүк деңгээлде эки мамлекетке тең бир катар иш сапарлар болуп, макулдашууларга жетишкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13