KELECHEK
rek

Премьер-министр Абылгазиев «Жалал-Абад» аэропортунун жаңыланган залынын ачылышына катышты (ФОТО)

Премьер-министр Абылгазиев «Жалал-Абад» аэропортунун жаңыланган залынын ачылышына катышты (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун учуп келүүчүлөр үчүн жаңыланган залынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы аталган иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи, анткени, Жалал-Абад облусунун авиакаттамын жакшыртуу маселеси бир нече жылдан бери көтөрүлүп келе жатат.

«Аталган мезгилде жарандар Бишкекке чейин анчалык коопсуз эмес жана белгилүү убакытты талап кылган унаа транспортунан пайдаланууга аргасыз болушкан», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өкмөт башчысы кезинде авиация тармагынын көйгөйлөрү активдүү талкууланып, аталган багыттагы чет элдик тажрыйбалар иликтенген.

«Менин пикиримде, облуста жаңы учуулар залынын ачылышы, жаңы авиакомпаниялардын келиши чоң жетишкендик болуп саналат. Акыркы кездерде өлкө аймактарындагы аэропортторду реконструкциялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Авиациялык тармак атамекендик экономикада өз ордун тапты», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, өлкөдөгү көйгөйлөрдүн көбү айыл жергесине туура келет, анткени, анда республиканын калкынын дээрлик 70% жашайт. Буга байланыштуу Президенттин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, айылдарды, райондорду жана облустарды өнүктүрүү боюнча чаралардын программасы бекитилген.

«Эгерде биздин айылдар өнүксө, анда аймактар жана бүтүндөй өлкө өнүгөт. Эгерде ар бир облуста авиакаттам жайгарылып, транспорттук тармак модернизацияланса, анда, менин пикиримде, республиканын экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым болот», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы билдиргендей, авиакаттамдардын көбөйүп жаткан агымы өлкөнүн өнүгүүсүнөн жана жарандардын жашоо сапатынын жакшыруусунан кабар берет. Премьер-министр маалымдагандай, 2017-жылы 10950 ички авиакаттам катталып, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1944кө жогору саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиев Премьер-министр кызматында ата мекендик транспорттук тармакты, анын ичинде авиациялык тармакты өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулаарына ишендирип кетти. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тараптан мындан ары карай авиациялык тармакты өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлмөкчү.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы жаңы аэровокзалдык комплексти кыдырып чыгып, «Ош» жана «Баткен» эл аралык аэропортторун өнүктүрүү пландары менн таанышып, ошондой эле Кербен жана Исфана шаарларынын аэровокзалдарынын эскиздик долбоорлорун көрүп чыкты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13