KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫ ТЕЛЕФОНУНА БЮДЖЕТТИК КАРАЖАТТАН ПАЙДАЛАНЫШПАЙТ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫ  ТЕЛЕФОНУНА БЮДЖЕТТИК КАРАЖАТТАН ПАЙДАЛАНЫШПАЙТ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өз телефондорунун балансын толтуруу үчүн эч качан бюджеттик каражаттардан пайдаланышпай, алар өздөрүнүн депутаттык ишмердигин коомдук байланышта гана жүргүзүшөт. Бул тууралуу шаардык кеңештин аппаратынан билдиришти.

Кечээ, 2 май күнү knews.kg сайты Елена Цойдун “Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын 33,5 миң сомдук телефон балансын бюджеттен толтурушат” (“Депутатам джалал-абададского горкенеша из бюджета пополнят баланс на телефонах на 33,5 тыс. сомов”) аталышындагы маалыматын жарыялаган. Ага КР мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылган маалыматты негиз кылышкан.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун кызматкерлери бул маалыматка түшүндүрмө алуу үчүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси Бактыгуль Беркбаевага кайрылышты. Анын айтымында, 33,5 миң сом бюджеттик каражат шаардык кеңештин депутаттарынын эмес, шаардык кеңештин аппарат кызматкерлеринин жылдык муктаждыгына каралган. Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппаратында 9 кызматкер иштейт. Шаардык кеңештин туруктуу жана жумушчу комиссиялары менен такай иш алып барууда туруктуу телефон байланышы зарыл. Ал эми стационардык жумушчу телефонунан мобилдик оператордун телефон номерине чалуу кымбатка турат (6 сом жана андан жогору). Ошондуктан, ар бир кызматкерге депутаттар менен байланышып туруу үчүн телефонуна баланс жүктөлөт, бул бюджет үчүн кыйла үнөмдүү.

КР мыйзамдарына ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өздөрүнүн депутаттык ишмердигин коомдук башталышта гана  алып барышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13