KELECHEK

Түркмөнстан Каспийде жаңы порт ачты

Түркмөнстан Каспийде жаңы порт ачты

Түркмөнстан 2-майда Каспийде жаңы ири деңиз портун ачты. Өлкө бул экспорттун келечегин жакшыртып, Европа менен Азияны бириктирген аймактык хабга айланат деп үмүттөнүүдө.

1,5 миллиард долларга бааланган жүк жана жүргүнчү портунун ачылышы Түркмөнстан жаратылыш газынын экспортунан көз каранды экономикасын диверсифицикациялоого аракет кылып жаткан маалга туш келди. Газ экспорту негизги валюта булагы болуп эсептелет. Бирок түркмөн газынын негизги аларманы болгон Орусия 2016-жылы импортту токтоткондон кийин Түркмөнстан казнасы бир топ эңшерилген.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнбашыдагы жаңы порт Түркмөнстанда жүк ташууну үч эсеге, башкача айтканда жылына 25-26 миллион тоннага чейин көбөйтөт. Океанга чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгону менен Каспий деңизи аймактагы соода үчүн маанилүү ролго ээ.

Объекттин расмий ачылыш салтанатында сөз сүйлөгөн Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы порт деңиз транспорт системасында маанилүү тогоо болуп, Кара деңиз аймагына, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азияга каттоо үчүн жагымдуу шарт түзөрүн белгиледи. Бердымухамедов Ашхабад деңиз портун Өзбекстан жана Ооганстан сыяктуу кошуналары менен бирге пайдалануу жагын талкуулоого даяр экенин кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз»...

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз»...

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын казак тараптан тоок этин ташып...

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  00:45

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ

Жалал-Абад шаарында курулуш тармагында капиталдык салымдарды өздөштүрүү көлөмү улам артып баратат....

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  01:42

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ

Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары өткөн тогуз ай ичинде чыгарылган продукциянын көлөмүн эки...

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  01:51

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу...

ЭКОНОМИКА 2018-10-11  02:28

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жаманкулов...

ЭКОНОМИКА 2018-10-08  01:06

Казакстан Өзбекстан менен бирге жаңы соода аймагын түзүүгө...

Казакстан Өзбекстан менен бирге жаңы соода аймагын түзүүгө...

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө...

ЭКОНОМИКА 2018-10-05  17:09

Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курууну пландоодо

ЭКОНОМИКА 2018-09-21  12:19